Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2021-жылдын 15-июлу № 11

 

Чок-Тал айылындагы айылдык Маданият үйүнө  Ибраев Мурадил ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой  айылынын айыл тургундарынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13,14 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө”  мыйзамынын 7 беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чок-Тал  айылынын айылдык Маданият үйүнө  “Ибраев Мурадил”  ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын астындагы тиешелүү комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы Чоӊ-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У. Абдырахмановго  милдеттендирилсин.

4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу  жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

             

Тѳрага

 

Т.Туйгунов