ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 31
Жайыт комитетинин айыл- чарба техникасынын кызмат акы тɵлɵмүнүн тарифин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 18, 31-беренелерине ылайык Чон-Сары-Ой айыл аймагынын Жайыт комитетинин тɵрагасы Н.Ɵмүралиевдин айыл чарба шайманынын (чɵп престегич) тарифин бекитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жергиликтүү калкка Жайыт комитетинин айыл чарба шайманынын (чɵп престегич) тарифи 1(бир) даана чɵптү престɵɵ 14 (он тɵрт) сом менен бекитилсин.
2. Техникадан түшкɵн акча каражаты Жайыт комитетинин бюджетине кириштелсин.
3. Токтомду кɵзɵмɵлдɵ жагы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |