Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2021-жылдын 19-октябры № 51

 

Арыздарды кароо жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын 04.04.2007-жылдагы № 91-токтому менен бекитилген Сары-Ой курорттук комплексинин територриалдык ɵнүктүрүү схемасынын Ысык-Кɵл райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 29.06.2021-жылдагы № 01.06-848 маалыматынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылынын айылдык Кеңешинин депутаттары В.Кудабаева, Э.Осмонова, А.Исмаиловдун жана Сары-Ой айылынын айыл башчысы Б.Султанбаевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Сары-Ой айылындагы “Санат” эс алуу жайы менен “Чайка” эс алуу жайынын ортосу атайын айыл тургундары үчүн жол катары ачылсын.

2.Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана тиешелүү иш кагаздарын тактоо жагы Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж. Жанузаковго милдеттендирилсин.

3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

4.“Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов