Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 69
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.0 га сугат айдоо тилкесин (контур № 3099) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга айыл Ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын корутундусу, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Кɵл филиалынын 12.10.2021-жылдагы № 577 каты, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги шаар курулуш жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристик комплекстер боюнча Ысык-Кɵлдɵгү филиалынын 24.02.2021-жылдагы № 258-21 каты, Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын 22.06.2021-жылдагы № 01-07/192 корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 27.12.2021-жылдагы 04-3/6425 катынын, Ысык-Кɵл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун 12.11.2021-жылдагы № 04-925 катынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Кɵл аймактык башкармалыгынын 24.12.2021-жылдагы № 26-4/2021 корутундусунун негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.0 га сугат айдоо тилкесин (контур № 3099) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.0 га сугат айдоо тилкесин (контур № 3099) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |