Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 70
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.09 га сугат айдоо тилкесин (контур №3086) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга айыл Ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 14.12.2021-жылдагы №01-13/909 корутундусу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 27.12.2021-жылдагы 04-3/6434 катынын, Кыргыз Республикасынын энергетика жана ɵнɵр жай Министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 16.12.2021-жылдагы №02-3/643 катынын негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.09 га сугат айдоо тилкесин (контур №3086) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.09 га сугат айдоо тилкесин (контур №3086) жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, когонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Токтомду аткаруу жагы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |