Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 69
Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтʏʏ бюджетин бекитʏʏ жана 2023-2024-жылдарга карата жергиликтʏʏ бюджетинин болжолдуу долбоорло жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бɵлʏмʏнʏн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бɵлʏмʏнʏн 78-беренесине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтʏʏ бюджетинин долбоорун жана 2022-2023-жылдарга карата жергиликтʏʏ бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтʏʏ бюджетинин кɵлɵмʏ кирешелер жана чыгашалары боюнча 46321,5 (кырк алты миллион үч жүз жыйырма бир миң) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 950,0 (тогуз жʏз элʏʏ мин) сом менен бекитилсин.
2. 2023-жылга карата жергиликтʏʏ бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 47109,5 (кырк жети миллион бир жʏз тогуз миң) сом ɵлчɵмʏндɵгʏ долбоору жактырылсын.
3. 2024-жылга карата 46251,5 (кырк жети миллион алты жүз токсон беш миң) сом ɵлчɵмʏндɵгʏ долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жʏргʏзʏлсʏн.
5. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нүн башчысы башкы эсепчи Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |