Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-августу № 194
Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
59-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "жогорку кесиптик билими бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-сентябры, № 97) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
54-берененин 1-бөлүгү "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим алган," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик тилди билген," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-октябры, № 104) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 1-бөлүгү "10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-берененин 2-бөлүгү "15 жылдан кем эмес иш стажы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 1-бөлүгүндө "же расмий тилде жүргүзүлөт" деген сөздөр "жүргүзүлөт жана процесстик мыйзамдарга ылайык расмий тил пайдаланылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-берененин 1-бөлүгү "судьялык иш стажы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 33-берененин 1-бөлүгү "5 жылдан кем эмес иш стажы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
66-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Улуттук банктын кызматчылары мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-июлу, № 57) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-беренеде:
а) 1-бөлүктө "мектепке чейинки тарбия жана билим берүү уюмдарында" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "(мектептерде, лицейлерде, гимназияларда)" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жалпы билим берүү уюмдарында кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска), бүтүрүү экзамендери, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет. Тестирлөө жаппы билим берүү уюмдарында окуучуларды класстан класска көчүрүүгө таасир бербейт.";
2) 26-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан мамлекеттик тилдеги аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка берүүлөрдүн жана уктуруулардын милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек.";
4) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Жалпыга тааныштыруу үчүн кабарламадагы мамлекеттик тил
1. Жалпыга тааныштыруу үчүн кабарламалар (кулактандыруулар, прейскуранттар, көрсөтмөлөр, көрнөктөр, билдирүүлөр, жазуулар жана белгилүү бир субъекттердин, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин товарлары, иштери жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө маалымдоо үчүн пайдаланылуучу же пайдалануусу мүмкүн болгон ачык жарыяланган тексттик, көрүнөө маалымат) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жол-жоболоштурулат.
2. Жалпыга тааныштыруу үчүн кабарламаларга юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш режими жана керектөөчүлөрдү тейлөө эрежелери жөнүндө маалыматтык көрнөктөр, юридикалык же жеке жактын жайгашкан жери, анын телефон номерлери өзгөргөндүгү жөнүндө кулактандыруулар же билдирүүлөр жана юридикалык жана жеке жак жөнүндө башка маалыматтар, бул аймактагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды, идеяларды жана саамалыктарды жарнамалоону камтыбаган башка маалымдама маалыматтар да кирет.".
8-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |