Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-июлу № 433
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital Nomad") статусун ыйгаруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-1-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Чет өлкөлүк жаранга "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу менен бир эле мезгилде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Жарандык абалдын актыларын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында ("ЖААК" АМC) статусту ыйгаруу жөнүндө чет өлкөлүк жарандын электрондук арызынын жана ага тиркелген чет өлкөлүк жарандын паспортунун негизинде ИЖН ыйгарылат.
ИЖНди же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүү зарыл болгон учурда, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "ЖААК" АМC аркылуу ИЖНди же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүүгө негиз болгон документтерди тиркөө менен арызды жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтөт. Чет өлкөлүк жарандардын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, ИЖН же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүү үчүн тиркелген документтеринин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген электрондук тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук мыйзамдаштыруу же апостилдөө аркылуу тастыкталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алган чет өлкөлүк жаранга идентификациялык жеке номер чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан "ЖААЖ" АМСте ыйгарылат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |