БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-август айы №52
Исаев Кубатбек Шаршеевичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү” жана “Ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын 2025-жылдын 11-август айындагы № 5 протоколунун негизиндеги сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарынын коомдук иштериндеги активдүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин II даражадыгы “Аскердик каармандык” “Артыкчылык үчүн” жана ”За выполнение боевых задач” медалдарынын ээси, “Баткен ардагерлер кеңешинин төрагасы Исаев Кубатбек Шаршеевичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамы ыйгарылсын.
- “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү жана эстелик төш белгисин ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
- Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешке тапшырылсын.
Кенештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев