Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-августу № 733-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Болгария Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
менен Болгария Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Болгария Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Макулдашуучу Тараптар деп аталып,
эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, ошондой эле рынок экономикасынын шартында эки өлкөнүн ортосунда жана алардын аймактары аркылуу транзит менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташууну өнүктүрүүдө кызматташууну ишке ашырууну каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I БӨЛҮМ
Негизги жоболор
1-берене
Камтылышы
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын аймактары аркылуу транзит менен жана алардын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташууга жана ушул Макулдашуунун 2-беренесинин аныктамаларына ылайык транспорт каражаттары менен ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылуучу үчүнчү өлкөлөргө/өлкөлөрдөн ташууларга карата колдонулат.
2. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
2-берене
Аныктамалар
Ушул Макулдашууда:
1. «Ташуучу» – Макулдашуучу Тараптардын биринин аймагында катталган, кесипке жана рынокко кирүү жөнүндө улуттук мыйзамдардын талаптарын сактоо менен сый акы үчүн же өзүнүн эсебинен жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү эл аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу ар кандай жеке же юридикалык жак.
2.«Транспорт каражаты» Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинде катталган жана ташуучунун менчиги катары же лизинг, жалдоо же ижара келишими тартибинде карамагында болгон моторлуу автотранспорт каражатын билдирет:
1) жүргүнчүлөрдү ташыган учурда – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун ордун кошкондо тогуздан ашык орундуу ар кандай моторлуу автотранспорт каражаты, анын ичинде багаж үчүн чиркегич аны ташыган учурда, эгерде мындай чиркегичти пайдаланууга тыюу салынбаса;
2) жүктөрдү ташыган учурда – бир автомобиль-сүйрөгүчтөн жана чиркегичтен же жарым чиркегичтен турган комбинацияны, тракторлорду жана чиркегичи бар тракторлорду (чиркегичтин же жарым чиркегичтин катталган мамлекетине карабастан) кошкондо, жүктөрдү ташуу үчүн арналган ар кандай моторлуу автотранспорт каражаты.
3. «Чиркегич» механикалык транспорт каражаты менен бир курамда жүрүүгө арналган ар кандай транспорт каражатын билдирет. Бул түшүнүк жарым чиркегичтерди да камтыйт.
4. «Каттоо» транспорт каражатын жолдо пайдаланууга административдик уруксат берүүнү, анын ичинде аны идентификациялоо жана ага каттоо номери катары белгилүү болгон сериялык номерди берүүнү билдирет.
5. «Ташуу» эгердетранспорт каражаты чиркегич же жарым чиркегич жолдун бир бөлүгүндө поезд же корабль менен ташылса да, транспорт каражатынын жүк менен же жүгү жок жүрүүсүн билдирет.
6.«Каботаж» Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында катталган автотранспорт каражаттары менен экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эки пункттун ортосунда жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууну билдирет. Эки эл аралык ташуунун ортосунда кабыл алуучу тараптын аймагында транспорт каражатынын бош жүрүүсү жана айкалышкан эл аралык ташуунун баштапкы же акыркы ички этабында ташуу каботаж катары каралбашы керек.
7. «Өз эсебинен ташуу» өзүнүн чарбалык иши үчүн гана арналган же андан келип чыккан, же өзүнүн кызматкерлерин тейлөө үчүн, же болбосо коммерциялык эмес уюм тарабынан социалдык максаттарына ылайык ушул уюмдун мүчөлөрүн акы төлөбөстөн ташуу максатында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну билдирет, эгерде:
– ишкана же уюм үчүн транспорттук иш көмөкчү иш гана болуп саналса;
– колдонулуп жаткан транспорт каражаттары ишкананын же уюмдун менчиги, же болбосо ижарага алынган же узак мөөнөттүү келишимдин же лизинг келишиминин негизинде алынган жана аларды башкарган айдоочу ишкананын же уюмдун персоналынын мүчөсү болуп эсептелсе.
8.«Айкалышкан ташуу» автомобиль, чиркегич, жарым чиркегич, алмаштырылуучу кузов же контейнер, сүйрөөчү менен же сүйрөөчүсүз, ташуунун баштапкы же акыркы этабында шоссе аркылуу жана маршруттун калган бөлүгүн – темир жол, ички суу же деңиз транспорту менен жүк ташууну билдирет.
9. «Макулдашуучу Тараптын аймагы» Болгария Республикасынын аймагын жана Кыргыз Республикасынын аймагын билдирет.
10. «Катталган өлкө» ташуучу жана транспорт каражаты катталган Макулдашуучу Тараптын аймагын билдирет.
11. «Кабыл алуучу тарап» Макулдашуучу Тараптын аймагын билдирет, анда катталбаган ташуучу ошол аймакта катталбаган транспорт каражатын эксплуатациялайт.
12. «Жүргүнчүлөрдү туруктуу ташуу» жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт каражаттары тарабынан Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосунда алдын ала макулдашылган тарифтер, кыймылдын расписаниеси, жүрүү маршруттары боюнча кыймылдын баштапкы жана акыркы пункттарын, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү пункттарын көрсөтүү менен жүзөгө ашырууну билдирет.
Ташуунун уюштуруучусу ким экендигине карабастан, эгерде ташуу боюнча бул кызмат көрсөтүлгөн критерийге жооп берсе, жүргүнчүлөрдүн башка категорияларына жол бербестен, жүргүнчүлөрдүн конкреттүү аныкталган категорияларын ташуу да жүргүнчүлөрдү туруктуу ташуу болуп эсептелет. Мындай кызмат «туруктуу линия боюнча жүргүнчүлөрдү адистештирилген ташуу» деп аталат.
13. «Челноктук ташуулар» – бир эле жөнөгөн жерден бир эле багыт алган жерге жүргүнчүлөрдүн алдын ала түзүлгөн топторун түз жана кайтып келүүчү багыттарда бир нече рейстер менен ташуу максатында жүргүзүлүүчү ташуу кызматын билдирет. Автобустун түз курсу менен көздөгөн жерине ташып келген жүргүнчүлөрдөн түзүлгөн топтордун ар бири, кийинки кайтып келүүчү рейстердин биринде жүргүнчүлөрдү салып кеткен жөнөтүү пунктуна кайра кайтат. «Жөнөтүү пункту» жана «келип түшүү пункту» деп жүргүнчүлөрдү ташуу башталган жана аяктаган жерди, ошондой эле алардан 50 км радиуста жайгашкан калктуу конуштарды түшүнүү керек.
Челноктук ташуулардын сериясындагы биринчи кайра кайтуу рейси жана акыркы түз рейс бош орундуктар менен жүзөгө ашырылат.
Кызмат көрсөтүү айрым жүргүнчүлөрдүн башка топтун курамында кайра кайтып келүү фактысына жана биринчи рейс көздөгөн жерине жана акыркы рейс жөнөтүү пунктуна бош келгендиги фактысына карабастан челноктук деп эсептелет. Мындай ташуулар «артка кайтуучу челноктук ташуулар» деп аталат.
Челноктук ташуу кызматы жүргүнчүлөрдүн 80 пайызынан кем эмесин көздөгөн жеринде жайгаштырууну камсыз кылат, ошондой эле
жолдо жүрүү учурунда зарыл болсо тамак-аш менен камсыз кылуу же камсыз кылбоо менен жол жүрүү «жайгаштыруу менен челноктук ташуулар» деп аталат.
14. «Жүргүнчүлөрдү туруктуу эмес ташуу» «жүргүнчүлөрдү туруктуу ташуу» аныктамасына же «жүргүнчүлөрдү челноктук ташуу» аныктамасына туура келбеген ташуулар боюнча кызмат көрсөтүүнү билдирет.
15. «Контролдук документ» 16-беренеге ылайык үлгүсү Аралаш комиссия менен макулдашылган жана бекитилген автобустар үчүн жүргүнчүлөрдүн ведомостун билдирет.
16. «Уруксат» ушул Макулдашууда каралган автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырууга укук берген, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан берилген, электрондук түрдө таризделиши мүмкүн болгон документти билдирет.
17. «Жолду атайын пайдалануу үчүн уруксат» аймагы боюнча ташуу жүргүзүлүп жаткан Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ташуучуга ири габариттүү жана оор салмактагы жүктөрдү, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташууга укук берген документти билдирет.
II БӨЛҮМ
Жүргүнчүлөрдү ташуу
3-берене
Туруктуу линиялар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу
1. Эки өлкөнүн ортосундагы автобустар менен туруктуу линиялар боюнча, ошондой эле алардын аймактары аркылуу транзит менен жүргүнчүлөрдү ташуу жөнөп жаткан, бара турган жана транзиттик өлкөдөгү компетенттүү органдар тарабынан берилген уруксат берүү системасына баш иет.
2. Уруксат берүүгө арыз ташуучу катталган өлкөнүн компетенттүү органына берилет. Эгерде компетенттүү орган арызды кабыл алса, уруксат кагаз башка Макулдашуучу Тараптын компетенттүү органына жиберилет. Өз ара мамиле камсыздалбаган учурда туруктуу линия боюнча эки тараптуу ташууну жүзөгө ашырууга уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
16-беренеге ылайык түзүлгөн Аралаш комиссия уруксат берүүгө арыз, макулдашуунун тартиби, ошондой эле талап кылынуучу коштомо документтер кандай формада болууга тийиш экендигин чечет.
3. Уруксат Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча берилет.
Уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, эгерде кандайдыр бир өзгөчө шарттар болбосо, эки айдан кечиктирилбестен кабыл алынат.
4. Иштөө шартындагы өзгөрүүлөр жана кызмат көрсөтүүнү жокко чыгаруу 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык чечилет.
Эгерде кызмат көрсөтүүгө суроо-талап токтотулса, ташуучу аны токтотуудан үч жума мурда уруксат берген компетенттүү органга жана кардарларга билдирүү менен кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.
5. Эгерде ташуу субподряддык келишимдин негизинде жүргүзүлсө, уруксат алдынкы компаниянын атына берилет, эгерде ташуу алдынкы компаниянын атынан жүргүзүлсө, анда субподрядчылардын аталышы белгиленет.
4-берене
Челноктук ташуулар
1. Жүргүнчүлөрдү жайгаштыруу менен жана жайгаштыруусуз автобус менен челноктук ташуулар жөнөп жаткан, бара турган же транзиттик өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүү системасына баш иет.
2. Уруксат берүү үчүн арыз ташуучу катталган өлкөнүн компетенттүү органына берилет.
16-беренеге ылайык түзүлгөн Аралаш комиссия уруксат берүүгө арыз жана анын мазмуну, макулдашуу тартиби жана мөөнөтү, ошондой эле талап кылынган коштомо документтер кандай формада болууга тийиш экендигин чечет.
3. Аралаш комиссия челноктук ташуу үчүн бир кыйла либералдуу режимди киргизиши мүмкүн.
5-берене
Туруктуу эмес ташуулар
1. Автобустарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу туруктуу эмес ташуулар жөнөп жаткан, бара турган же транзиттик өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүү системасына баш иет.
2. 1-параграфка өзгөчө учур катары, төмөндө көрсөтүлгөн кызматтар кабыл алуучу тараптын аймагында уруксат берүүдөн бошотулат:
2.1 «жабык эшик» турлары, мында бир эле транспорт каражаты сапарынын аягында баштапкы жөнөө пунктуна кайтып келген бир эле топтогу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулат:
2.2 кайра бош кайтып келе жаткан транспорт каражаты менен түз багытта ташуу;
2.3 эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, жүргүнчүлөр менен кайра кайтып келе жаткан бош транспорт каражаты менен түз багыттагы сапарлар:
а) жүргүнчүлөр алар отурган жана катталган өлкөнүн аймагына алып келинген Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенге чейин күчүнө кирген ташуу келишими боюнча түзүлгөн топту түзсө;
б) жүргүнчүлөр 2.2-пунктта көрсөтүлгөн шарттарда Макулдашуучу Тараптын аймагына ошол эле ташуучу тарабынан алдын ала жеткирилген болсо;
в) жүргүнчүлөр катталган өлкөнүн аймагында сапарга чакырылса жана ташууга кеткен чыгымдар чакыруу жөнөткөн адамдын эсебинен болсо.
3. Уруксат берүү талабынан бошотулган жүргүнчүлөрдү автобустар менен туруктуу эмес ташуулар контролдук документ менен жабдылууга тийиш. Контролдук документти пайдалануунун шарттары жана мазмуну 16-беренеде аныкталган Аралаш комиссия тарабынан аныкталат.
4. 2-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган туруктуу эмес ташуулар уруксат берүү режимине баш иет. 16-беренеде аныкталган Аралаш комиссия уруксат берүү тартибин аныктайт.
5. Жүргүнчүлөрдү автобустар менен өз эсебинен ташуу уруксат берүү талабынан бошотулат. Мындай ташуулар документ менен коштолууга тийиш, аны берүүнүн, пайдалануунун шарттары жана мазмуну 16-беренеде аныкталганАралаш комиссия тарабынан аныкталат.
6-берене
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жалпы жоболор
1. Ташууга уруксаттар ташуучунун атына аларды башка ташуучуга өткөрүп берүү укугусуз берилет.
2. Каботаждык ташууларды ишке ашырууга тыюу салынат. Бир эле ташуучу тарабынан белгилүү бир жерге ташылган жүргүнчүлөрдүн тобу үчүн гана уюштурулган региондук сапарлар, эгерде алар жол ведомостуна жазылса, каботаждык болуп эсептелбейт.
3. Уруксат берүү талабынан ташуунун төмөнкү категориялары бошотулат:
3.1 жүргүнчүсү жок жаңы сатып алынган автобустарды акыркы багытталган жерине айдап баруу;
3.2 бузулган жана иштен чыккан автобустарды ташуу;
3.3 эл аралык ташуу учурунда иштен чыккан автобусту алмаштырууга жиберилген автобустун бош жүргөн жүрүшү, ошондой эле иштен чыккан автобустун оңдоп-түзөөдөн кийин кайра кайтарылышы.
III БӨЛҮМ
Жүк ташуу
7-берене
Уруксат берүү системасы
1. Макулдашуучу Тараптардын биринин аймагында катталган ташуучулар уруксат берүүнүн макулдашылган системасынын негизинде төмөнкүлөрдү кабыл ала алышат:
а) эки Макулдашуучу Тараптын аймактарынын ортосундагы ташууларды жана алар аркылуу транзиттик ташууларды;
б) үчүнчү өлкөлөргө/өлкөлөрдөн ташууларды.
2. Каботажга тыюу салынат.
8-берене
Уруксаттардан бошотуу
1. 7-беренеге өзгөчө учур катары төмөндө көрсөтүлгөн ташуу категориялары уруксат берүү талабынан бошотулат:
1.1 чиркегичтер менен кошо алганда, жол берилген максималдуу салмагы 6 тоннадан ашпаган, же чиркегичтерди кошкондо жол берилген максималдуу пайдалуу жүгү 3,5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары менен ташуу;
1.2 учуу учурунда экстремалдуу четтөөлөр болгон учурларда аэропортко/аэропорттон жеткирилүүчү жүктөрдү туруктуу эмес ташуу;
1.3 бузулган жана иштен чыккан транспорт каражаттарын ташуу, ошондой эле оңдоого муктаж болгон транспорт каражаттарын ташуу;
1.4 башка өлкөдө бузулуп калган транспорт каражатын алмаштырууга жөнөтүлгөн транспорт каражатынын бош жүрүшү, ошондой эле бузулган транспорт каражатын ал оңдолгондон кийин кайра кайтарып келүү;
1.5 мал ташуучу транспортто же мал ташуучу катары кайра жабдылган, каттоо өлкөсүндөгү компетенттүү органдар тарабынан ушундай деп таанылган транспортто тирүү малды ташуу;
1.6 океан, деңиз жана дарыя кемелери, ошондой эле абада учуучу кемелер үчүн запастык бөлүктөрдү жана азык-түлүктөрдү ташуу;
1.7 шашылыш жардам көрсөтүү үчүн жана тактап айтканда, табигый кырсыктарда жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө жүк ташуу;
1.8 жарманкелер жана көргөзмөлөр үчүн же коммерциялык эмес максаттар үчүн искусство чыгармаларын жана буюмдарын ташуу;
1.9 коммерциялык эмес максаттар үчүн театралдык, музыкалык, кинематографиялык, спорт же цирк оюндарына, жарманкелерге, ошондой эле радио берүүлөрдү жаздырууга чейин же андан кийин, кинематографиялык же телекөрсөтүү продукциясы үчүн реквизиттерди, буюмдарды жана жаныбарларды ташуу;
1.10 жаңы сатып алынган жүгү жок транспорт каражаттарын алардын акыркы бара турган жерине айдап баруу;
1.11 каза болгон адамдардын сөөгүн жана күлүн ташуу;
1.12 көчүрүү учурунда кыймылдуу мүлктү ташуу;
1.13 почта ташуулары.
2. 16-беренеге ылайык түзүлгөн Аралаш комиссия белгилүү бир багыттар боюнча жүктүн айрым же бардык түрлөрүн ташуунун башка категорияларын да уруксат алуу милдетинен бошото алат.
9-берене
Уруксат берүүнүн шарттары
1. Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жыл сайын уруксаттардын белгилүү бир саны (квота) менен алмашып турушат.
2. Жергиликтүү ташуучуларга уруксаттар компетенттүү орган же аталган орган тарабынан ыйгарым укук берилген уюм тарабынан берилет.
3. Уруксаттар ташуучунун атына аларды башка ташуучуларга өткөрүп берүү укугусуз берилет.
4. Уруксаттар бир транспорт каражаты үчүн жарактуу. Уруксаттар кийинки календардык жылдын 31-январына чейин колдонуу мөөнөтү менен берилет.
5. 16-беренеге ылайык түзүлгөн Аралаш комиссия 7-беренеге ылайык Макулдашуучу Тараптар жыл сайын алмашып туруучу уруксаттардын санын жана түрүн, ошондой эле уруксаттарды берүүнү жөнгө салуучу бардык башка шарттарды макулдашат.
IV БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
10-берене
Салыктарга жана жыйымдарга салык салуу
1. Транспорт каражатынын өндүрүүчү тарабынан орнотулган кадимки багына куюлган жана транспорт каражатынын кыймылы жана эксплуатациясы үчүн арналган күйүүчү май, ошондой эле ташуу учурунда эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон сандагы майлоочу материалдар, эгерде бажы мыйзамдарынын талаптары сакталса, кабыл алуучу тараптын аймагында бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн бошотулат.
2. Ушул Макулдашуу менен камтылган ташуулар үчүн Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык салыктар, төлөмдөр жана жыйымдар, анын ичинде жол тармактарын, көпүрөлөрдү жана башка инфраструктуралык курулмаларды пайдалангандыгы үчүн жыйымдар алынат.
11-берене
Камсыздандыруу
Ушул Макулдашуунун негизинде ташуулар эл аралык автомобилдик ташуулар аткарылуучу Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жарактуу үчүнчү жактардын алдында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу шартында аткарылат.
12-берене
Жолду атайын пайдалануу үчүн уруксатты
талап кылган ташуулар
1. Транспорт каражаттарынын жол берилген максималдуу салмагы, огуна түшкөн жүгү жана көлөмү каттоо документтеринде көрсөтүлгөндөн, ошондой эле кабыл алуучу тараптын аймагында колдонулуучу жол берилген чектик параметрлерден ашпоого тийиш.
2. Эгерде жүксүз же жүгү бар автотранспорт каражатынын салмагы, көлөмү же огуна түшкөн жүгү экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында белгиленген ченемден ашып кетсе, ташуучу ташууну жүзөгө ашыруу үчүн жолду атайын пайдалангандыгы үчүн бул мамлекеттин компетенттүү органынан тиешелүү уруксат алууга тийиш.
3. Эгерде жолду атайын пайдалануу үчүн уруксатта автотранспорт каражатынын белгилүү бир каттам боюнча жүрүшү каралса, анда ташуу ошол маршрут боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Кооптуу жүктөрдү ташууда Макулдашуучу Тараптар алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдердин, ошондой эле Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын бардык талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
5. Жолду атайын пайдалануу үчүн уруксат ушул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн уруксат алуу зарылдыгын жокко чыгарбайт.
13-берене
Жабдуулар жана башка мүнөздөмөлөр
1. Кооптуу же тез бузулуучу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары Эл аралык каттамда шоссе менен кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндө Европалык макулдашуунун /ADR/ жана Тез бузулуучу жүктөрдү коопсуз ташуу жана эл аралык каттамда ушундай жүктөрдү ташуу үчүн арналган атайын транспорт каражаттары жөнүндө конвенциянын /АТР/ талаптарына ылайык жабдылууга тийиш.
2. Транспорт каражатынын экипаждарынын иштөө жана эс алуу узактыгын контролдоо үчүн колдонулган жабдуулар Эл аралык автомобиль жүктөрүн ташуучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын эмгек режими жөнүндө Европа макулдашуусунун/AETR/ жоболоруна ылайык келиши керек.
3. Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо стандарттарына жооп берген транспорт каражаттарын пайдаланууга көмөк көрсөтүүгө милдеттенишет.
14-берене
Контроль
Ташууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Макулдашуу боюнча талап кылынган документтер транспорт каражатында болууга жана контролду жүзөгө ашырган кызматчынын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.
15-берене
Ташуучулардын милдеттери жана санкциялар
1. Макулдашуучу Тараптардын биринин ташуучулары кабыл алуучу тараптын аймагында болгон учурда жол кыймылынын эрежелерин, бажы эрежелерин жана башка шарттар менен чектөөлөрдү, эгерде анын аймагында мындайлар колдонулса, ички мыйзамдардан жана башка эки тараптуу келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди, ошондой эле ушул Макулдашуудан жана көп тараптуу макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди сактоого милдеттүү.
2. Каттоо өлкөсүндөгү компетенттүү органдар кабыл алуучу тараптын аймагында олуттуу же системалуу бузуулар болгон учурда жана тиешелүү бийликтин өтүнүчү боюнча төмөнкүдөй административдик аракеттерди көрүүгө укуктуу:
– эскертүү;
– бузуу/бузуулар болгон Макулдашуучу Тараптын аймагына кирүүгө тыюу салуу.
Өзгөчө олуттуу учурларда кабыл алуучу өлкөнүн компетенттүү органы катталган өлкөнүн компетенттүү органдарынын чечимин күтүп, мыйзам бузуучунун өз аймагына убактылуу кирүүсүнө тыюу сала алат.
Макулдашуучу Тараптар кабыл алынган чечимдер жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
16-берене
Кызматташуу жана Аралаш комиссия
1. Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну аткаруу жана колдонуу үчүн жана пайдалуу маалыматтарды өз ара алмашуу үчүн зарыл кадамдарды көрүшөт. Компетенттүү органдар өз аймагында ташуучулардын ушул Макулдашууну колдонууга тиешелүү милдеттерин регламенттөөчү улуттук мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине өз убагында маалымдап турушат. Компетенттүү органдар ушул Макулдашууну аткаруу максатында бири-бирине өз ара көмөк көрсөтүшөт.
2. 1-пунктка ылайык Макулдашуучу Тараптардын ар биринин өкүлдөрүн камтыган Аралаш комиссия түзүлөт.
Аралаш комиссия ушул Макулдашуунун аткарылышы үчүн жана автомобиль транспорту жаатындагы Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы мамилелерге тиешелүүбардык маселелерди, анын ичинде талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен кароо/чечүү үчүн жоопкерчилик тартат.
V БӨЛҮМ
Корутунду жоболор
17-берене
Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууга ылайык компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– Кыргыз Республикасы үчүн – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
– Болгария Республикасы үчүн – Болгария Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
Компетенттүү органдын аталышы өзгөргөн учурда Макулдашуучу Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлашат.
18-берене
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Ушул Макулдашууга бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана 19-берененин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
19-берене
Макулдашуунун күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
1. Бул Макулдашуу акыркы дипломатиялык нотаны алган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал аркылуу Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө бири-бирине билдиришет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптардын бири экинчи Макулдашуучу Тарапка дипломатиялык канал аркылуу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуунун болжолдуу датасына чейин алты ай мурун жибергенге чейин колдонулат.
______________ кыргыз, болгар жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун тексттерин чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасынын
Министрлер Кабинети Өкмөтү үчүн
үчүн