Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-июну № 358
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407
"Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо
маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, ошондой эле мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Катталган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга ушул Эрежелерге ылайык каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери берилет.
Мамлекеттик каттоо номердик белгилери Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык даярдалат жана берилет.
Транспорт каражатынын каттоо маалыматы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле жоголгон же болбосо уурдалган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин калыбына келтирүүдө бекитилген стандарттарга ылайык келбеген номердик белгилерди берүүгө, өткөрүп берүүгө же алмаштырууга жол берилбейт.
Мурдагы колдонулган стандарттар боюнча даярдалган өзгөчө цифралардын жана/же тамгалардын айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин алмаштырууда, Кыргыз Республикасынын КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык келген номердик белгилер берилет. Бул учурда мындай номердик каттоо белгилери үчүн мурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо каралган тартипте автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдан алынган электрондук сертификаты бар болгон учурда мамлекеттик каттоо номердик белгилерин кезексиз берүүгө жол берилет.
Катталган автомототранспорт каражаттарына ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө жазылган транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө тиешелүү белги болгон учурда кошумча (алдынкы) энчилүү мамлекеттик каттоо белгисин орнотууга жол берилет.
Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин кайталап берүүгө тыюу салынат. Аталган белгилер жокко чыгарылган жана ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жок кылынууга тийиш. Белгиленген тартипте пластиналардан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символун механикалык кесип алуу менен жок кылынып, бул тууралуу милдеттүү түрдө акт түзүлөт.";
- 45-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: бул пункттун колдонулушу Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык келген мамлекеттик каттоо номердик белгилерине гана тиешелүү.";
- 69-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бюджеттик уюмдардын бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган, ошондой эле конфискацияланган же мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн транспорт каражаттары;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |