Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-сентябры № 95
"2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгашалардын сметасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 73 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 3/1 чечимин эске алып, аралыктан добуш берүү шайлоо комиссиясынын ишин каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгашалардын сметасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 73 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "1100000 (бир миллион жүз миң )" деген сөздөр "1128100 (бир миллион жүз жыйырма сегиз миң бир жүз)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Аралыктан добуш берүү шайлоо комиссиясынын ишин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгашаларынын кошумча сметасы 28100 (жыйырма сегиз миң бир жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук бөлүмү республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бөлүүнү бекитилген сметага ылайык камсыз кылсын.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |