Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-сентябры № 94
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жети-Өгүз АШКнын 2023-жылдын 16-сентябрындагы № 10 чечими менен 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо бюллетендердин текстти бекитилген.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетендеринин формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө" 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "идентификациялоонун" деген сөз алып салынсын;
- токтомдун 1-пунктундагы "шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдуулары" деген сөздөр "добуш берүү үчүн модернизацияланган жабдуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. "2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-сентябрындагы № 91 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 1-пунктунда:
"формасы" деген сөздөн кийин "жана коргоо даражасы" деген сөздөр менен толукталсын;
1-тиркеме бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында ишке ашырылсын.";
- 4-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- мыйзам белгиленген тартибинде шайлоо бюллетендерин Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пилоттук режимде колдонулуучу жабдууларды киргизүүгө жана алып чыгууга байланышкан уюштуруучулук-укуктук мүнөздөгү маселелерди чечсин;
- шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасынын жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.".
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |