Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 363
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407
"Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо
маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Финансылык ижара - лизингдин негизинде инвестициялардын формаларын өнүктүрүү, инвестициялык процесстин катышуучуларынын укуктарын коргоо, инвестициялоонун натыйжалуулугун, адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 69-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |