Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-июлу № 434
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
- 3-главада:
21, 22-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
21 | Жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү берүү | ЖАМК | ЖАМК | Акысыз |
22 | Жогорку ыңгайлуулуктагы жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү берүү | ЖАМК | ЖАМК | Акы төлөнөт |
";
- 4-главанын 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
11 | Бошотуу жөнүндө маалымкатты кайталап берүү | ЖАМК | ЖАМК | Акы төлөнөт |
";
- 10-главанын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо | ЖАМК | ЖАМК | Акы төлөнөт |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |