Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 562
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесине, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 85-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 “Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
– 16-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Аскер кызматчылары/кызматкерлер кызмат өтөө мезгилинде ипотекалык программага катышкан учурда жана ипотекалык кредитти (зайымды, ссуданы) төлөп бүткөнгө чейин аларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө жана тартипте акча каражаттары төлөнүп берилет.”.
3. Бул токтомдун колдонулушу төмөнкү аскер кызматчыларына/укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жайылтылат:
1) 2025-жылдын 1-июлуна чейин кошо алганда коммерциялык банкттар аркылуу жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун программалары боюнча ипотекалык кредиттөө келишимдерин түзгөн;
2) 2025-жылдын 2-июлунан тартып “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун программалары боюнча гана ипотекалык кредиттөө келишимдерин түзгөн.
4. Бул токтомду ишке ашыруу аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |