Сравнение редакций…
|
|
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу
тартиби
Жалпы жоболор
1. Ушул Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын (мындан ары - Бирдиктүү портал) пайдалануунун эрежелерин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Бирдиктүү портал - электрондук аянтча, ал төмөнкүлөр үчүн түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун (мындан ары - ЧУАнын долбоору) онлайн режимде коомдук талкуулоо;
- ЧУАнын долбоорун жылдыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүү;
2) иштеп чыгуучу органдын администратору - иштеп чыгуучу органдын башка кызматкерлерин Бирдиктүү порталга кирүү укугун камсыздоого жооптуу, иштеп чыгуучу органдын кызматкери;
3) иштеп чыгуучу орган - ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана аны жылдыруу укугуна ээ болгон субъект;
4) ченемдик укуктук акт (ЧУА) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ.
Бирдиктүү порталды башкаруу
3. Бирдиктүү порталды жалпы башкарууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - башкы администратор) жүргүзөт.
4. Башкы администратор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Бирдиктүү порталдын үзгүлтүксүз жана талаптагыдай иштөөсүн уюштурат;
2) иштеп чыгуучу органдардын администраторлоруна Бирдиктүү порталга кирүү укугун берет;
3) иштеп чыгуучуларга жана Бирдиктүү порталды колдонуучуларга методикалык жана техникалык жардам көрсөтөт;
4) Бирдиктүү порталдын натыйжалуу иштөөсүнө багытталган башка функцияларды аткарат.
5. Башкы администратор иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлгөн кошумча барактын мазмунун толуктоого, өзгөртүүгө жана/же өчүрүүгө укугу жок.
6. Иштеп чыгуучу орган өзүнүн чечими менен администраторду аныктайт жана анын көчүрмөсүн башкы администраторго жөнөтөт.
7. Иштеп чыгуучу органдын администратору башкы администратордон Бирдиктүү порталга кирүү укугун алат жана иштеп чыгуучу органдын ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуучу жооптуу кызматкерлерине (мындан ары-жооптуу кызматкерлер) бирдиктүү порталга кирүү укугун камсыз кылат.
8. Иштеп чыгуучу органдын жооптуу кызматкерлери төмөнкү функцияларды аткарышат:
1) ЧУАнын долбоорун Бирдиктүү порталга коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырат;
2) жайгаштырылган ЧУАнын долбооруна келип түшкөн комментарийлерди көзөмөлдөшөт жана аларга жоопторду ушул Тартиптин 10- пунктунда белгиленген мөөнөттө жарыялашат;
3) ЧУАнын долбоорун жылдыруу этаптарын актуалдаштырышат.
ЧУАнын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштыруу тартиби жана аларды жылдыруу жөнүндө маалыматты берүү
9. ЧУАнын долбоору иштеп чыгуучу орган тарабынан төмөнкү коштоочу документтер менен Бирдиктүү порталда жайгаштырылат:
1) ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти;
2) ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгынын негиздемеси (негиздеме-маалымкат);
3) ЧУАнын долбоорунда колдонуудагы ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган учурда салыштырма таблица;
4) ЧУАнын долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган учурда жөнгө салуучу таасирди талдоо;
5) финансылык-экономикалык эсептер, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары;
6) мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ЧУАнын долбоорун негиздөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар;
7) иштеп чыгуучунун пикири боюнча коомдук талкуулоо үчүн маанилүү болуп саналган башка документтер.
10. Иштеп чыгуучу орган жайгаштырылган ЧУАнын долбооруна келип түшкөн комментарийлерди көзөмөлдөйт жана аларга онлайн режимде жооп берет. Колдонуучунун комментарийлерине жоопту кароо жана жарыялоо мөөнөтү коомдук талкуулоо аяктагандан кийин 10 жумушчу күндү түзөт.
11. Эгерде, иштеп чыгуучу орган колдонуучунун комментарийи менен макул болсо, жооптуу адис “Эске алынды” деген жоопту жарыялайт. Колдонуучунун комментарийи менен макул болбогон же жарым-жартылай макул болгон учурда, жооптуу адис “Эске алынган жок” же “Жарым-жартылай эске алынды” деген жоопту жарыялайт жана иштеп чыгуучу органдын негиздемесин жайгаштырат.
12. Даттануулар келип түшкөн комментарийлер жана адепсиз сөздөрдү жана билдирүүлөрдү камтыган, ошондой эле жарнамаларды же спамды камтыган комментарийлер иштеп чыгуучу органдын жооптуу адиси тарабынан жашырылат.
13. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү аяктагандан кийин колдонуучулардын комментарийлери система тарабынан кабыл алынбайт.
Жооптуу кызматкерлер жайгаштырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча келип түшкөн сын-пикирлерге жооп бербегендиги же берүүнүн мөөнөттөрүн бузгандыгы, ушул Тартиптин 12-пунктунда баяндалган критерийлерге туура келбеген комментарийлерди жашыргандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.
Калк үчүн Бирдиктүү порталды колдонуу тартиби
14. Калк Бирдиктүү порталды каттоосуз да, катталган колдонуучу болуп да колдоно алат. Катталбаган колдонуучуларга жайгаштырылган ЧУАнын долбоорлорунун тексттери менен таанышуу гана функциясы жеткиликтүү.
ЧУАнын долбооруна комментарийлерди жайгаштыруу үчүн каттоодон өтүү керек. Колдонуучуларды каттоо электрондук почта же социалдык түйүндөрдө катталган аккаунт аркылуу жүргүзүлөт.
15. Бирдиктүү порталга каттоо учурунда жарандар ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн колдонуу келишиминин шарттарына макул болушат.
16. Катталган колдонуучулар төмөнкү укуктарга ээ:
1) коомдук талкуулоо учурунда ЧУАнын долбоорлоруна комментарийлерди калтырууга;
2) эске алынбаган же жарым-жартылай гана эске алынган өзүнүн комментарийлерине жүйөлүү жоопторду алууга;
3) жаңы ЧУАнын долбоорлору боюнча кызыктырган жөнгө салуу чөйрөлөрү же иштеп чыгуучулар жөнүндө Бирдиктүү порталдагы жаңылыктарды алуу үчүн жазылууга;
4) социалдык түйүндөрдө ЧУАнын долбоорлору жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө;
5) ЧУАны түзүү же өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) иштеп чыгуучу орган тарабынан каралуучу Бирдиктүү порталды пайдалануу эрежелери сакталбаган учурда иштеп чыгуучу органга кайрылууга;
7) жеке кабинетинде Бирдиктүү портал менен өзүнүн колдонуу мезгилин көрүүгө.
17. Катталган колдонуучулар өздөрүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:
1) этикалык жүрүм-турумдун жана цензуранын ченемдерин сактоого;
2) ЧУАнын долбоорунун маани-маңызы жана концепциясы боюнча комментарийлерди калтырууга;
3) башка колдонуучулардын пикирин жана укугун сыйлоого;
4) спамдарды, жарнамаларды жана ЧУАнын долбоорун коомдук талкуулоонун максаттарына ылайык келбеген башка комментарийлерди колдонбоого.
Мониторинг
18. Башкы администратор квартал сайын Бирдиктүү порталдын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) Бирдиктүү порталда автоматтык түрдө эсептелген жооптордун статистикасына ылайык колдонуучулардын комментарийлерине карата иштеп чыгуучулардын жоопторунун болушун көзөмөлдөө;
2) иштеп чыгуучу органдар тарабынан жашырылган комментарийлердин жашырууга негизделген предметин ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык ар бир кварталдык негизде көзөмөлдөө;
3) Бирдиктүү порталдын туура жана өз убагында иштөөсүүн көзөмөлдөө.
19. Мониторингдин жыйынтыктары квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет жана жылына бир жолу Бирдиктүү порталда жарыяланат.
|
|
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д буйругунун редакциясына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Ушул Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун бирдиктүү порталына жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын (мындан ары - Бирдиктүү портал) пайдалануунун эрежелерин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Бирдиктүү портал - электрондук аянтча, ал төмөнкүлөр үчүн түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун (мындан ары - ЧУАнын долбоору) онлайн режимде коомдук талкуулоо;
- ЧУАнын долбоорун жылдыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүү;
2) иштеп чыгуучу органдын администратору - иштеп чыгуучу органдын башка кызматкерлерин Бирдиктүү порталга кирүү укугун камсыздоого жооптуу, иштеп чыгуучу органдын кызматкери;
3) иштеп чыгуучу орган - ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу жана аны жылдыруу укугуна ээ болгон субъект;
4) ченемдик укуктук акт (ЧУА) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ.
Бирдиктүү порталды башкаруу
3. Бирдиктүү порталды жалпы башкарууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - башкы администратор) жүргүзөт.
4. Башкы администратор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Бирдиктүү порталдын үзгүлтүксүз жана талаптагыдай иштөөсүн уюштурат;
2) иштеп чыгуучу органдардын администраторлоруна Бирдиктүү порталга кирүү укугун берет;
3) иштеп чыгуучуларга жана Бирдиктүү порталды колдонуучуларга методикалык жана техникалык жардам көрсөтөт;
4) Бирдиктүү порталдын натыйжалуу иштөөсүнө багытталган башка функцияларды аткарат.
5. Башкы администратор иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлгөн кошумча барактын мазмунун толуктоого, өзгөртүүгө жана/же өчүрүүгө укугу жок.
6. Иштеп чыгуучу орган өзүнүн чечими менен администраторду аныктайт жана анын көчүрмөсүн башкы администраторго жөнөтөт.
7. Иштеп чыгуучу органдын администратору башкы администратордон Бирдиктүү порталга кирүү укугун алат жана иштеп чыгуучу органдын ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуучу жооптуу кызматкерлерине (мындан ары-жооптуу кызматкерлер) бирдиктүү порталга кирүү укугун камсыз кылат.
8. Иштеп чыгуучу органдын жооптуу кызматкерлери төмөнкү функцияларды аткарышат:
1) ЧУАнын долбоорун Бирдиктүү порталга коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырат;
2) жайгаштырылган ЧУАнын долбооруна келип түшкөн комментарийлерди көзөмөлдөшөт жана аларга жоопторду ушул Тартиптин 10- пунктунда белгиленген мөөнөттө жарыялашат;
3) ЧУАнын долбоорун жылдыруу этаптарын актуалдаштырышат.
ЧУАнын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштыруу тартиби жана аларды жылдыруу жөнүндө маалыматты берүү
9. ЧУАнын долбоору иштеп чыгуучу орган тарабынан төмөнкү коштоочу документтер менен Бирдиктүү порталда жайгаштырылат:
1) ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти;
2) ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгынын негиздемеси (негиздеме-маалымкат);
3) ЧУАнын долбоорунда колдонуудагы ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган учурда салыштырма таблица;
4) ЧУАнын долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган учурда жөнгө салуучу таасирди талдоо;
5) финансылык-экономикалык эсептер, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары;
6) мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ЧУАнын долбоорун негиздөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар;
7) иштеп чыгуучунун пикири боюнча коомдук талкуулоо үчүн маанилүү болуп саналган башка документтер.
10. Иштеп чыгуучу орган жайгаштырылган ЧУАнын долбооруна келип түшкөн комментарийлерди көзөмөлдөйт жана аларга онлайн режимде жооп берет. Колдонуучунун комментарийлерине жоопту кароо жана жарыялоо мөөнөтү коомдук талкуулоо аяктагандан кийин 10 жумушчу күндү түзөт.
11. Эгерде, иштеп чыгуучу орган колдонуучунун комментарийи менен макул болсо, жооптуу адис “Эске алынды” деген жоопту жарыялайт. Колдонуучунун комментарийи менен макул болбогон же жарым-жартылай макул болгон учурда, жооптуу адис “Эске алынган жок” же “Жарым-жартылай эске алынды” деген жоопту жарыялайт жана иштеп чыгуучу органдын негиздемесин жайгаштырат.
12. Даттануулар келип түшкөн комментарийлер жана адепсиз сөздөрдү жана билдирүүлөрдү камтыган, ошондой эле жарнамаларды же спамды камтыган комментарийлер иштеп чыгуучу органдын жооптуу адиси тарабынан жашырылат.
13. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү аяктагандан кийин колдонуучулардын комментарийлери система тарабынан кабыл алынбайт.
Жооптуу кызматкерлер жайгаштырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча келип түшкөн сын-пикирлерге жооп бербегендиги же берүүнүн мөөнөттөрүн бузгандыгы, ушул Тартиптин 12-пунктунда баяндалган критерийлерге туура келбеген комментарийлерди жашыргандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.
Калк үчүн Бирдиктүү порталды колдонуу тартиби
14. Калк Бирдиктүү порталды каттоосуз да, катталган колдонуучу болуп да колдоно алат. Катталбаган колдонуучуларга жайгаштырылган ЧУАнын долбоорлорунун тексттери менен таанышуу гана функциясы жеткиликтүү.
ЧУАнын долбооруна комментарийлерди жайгаштыруу үчүн каттоодон өтүү керек. Колдонуучуларды каттоо Бирдиктүү идентификациялоо системасы, электрондук почта же социалдык түйүндөрдө катталган аккаунт аркылуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д буйругунун редакциясына ылайык)
15. Бирдиктүү порталга каттоо учурунда жарандар ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн колдонуу келишиминин шарттарына макул болушат.
16. Катталган колдонуучулар төмөнкү укуктарга ээ:
1) коомдук талкуулоо учурунда ЧУАнын долбоорлоруна комментарийлерди калтырууга;
2) эске алынбаган же жарым-жартылай гана эске алынган өзүнүн комментарийлерине жүйөлүү жоопторду алууга;
3) жаңы ЧУАнын долбоорлору боюнча кызыктырган жөнгө салуу чөйрөлөрү же иштеп чыгуучулар жөнүндө Бирдиктүү порталдагы жөнөтүүлөрүнө жазылууга;
4) социалдык түйүндөрдө ЧУАнын долбоорлору жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө;
5) (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д буйругуна ылайык күчүн жоготту)
6) иштеп чыгуучу орган тарабынан каралуучу Бирдиктүү порталды пайдалануу эрежелери сакталбаган учурда иштеп чыгуучу органга кайрылууга;
7) жеке кабинетинде Бирдиктүү портал менен өзүнүн колдонуу мезгилин көрүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д буйругунун редакциясына ылайык)
17. Катталган колдонуучулар өздөрүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:
1) этикалык жүрүм-турумдун жана цензуранын ченемдерин сактоого;
2) ЧУАнын долбоорунун маани-маңызы жана концепциясы боюнча комментарийлерди калтырууга;
3) башка колдонуучулардын пикирин жана укугун сыйлоого;
4) спамдарды, жарнамаларды жана ЧУАнын долбоорун коомдук талкуулоонун максаттарына ылайык келбеген башка комментарийлерди колдонбоого.
Мониторинг
18. Башкы администратор квартал сайын Бирдиктүү порталдын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) Бирдиктүү порталда автоматтык түрдө эсептелген жооптордун статистикасына ылайык колдонуучулардын комментарийлерине карата иштеп чыгуучулардын жоопторунун болушун көзөмөлдөө;
2) иштеп чыгуучу органдар тарабынан жашырылган комментарийлердин жашырууга негизделген предметин ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык ар бир кварталдык негизде көзөмөлдөө;
3) Бирдиктүү порталдын туура жана өз убагында иштөөсүүн көзөмөлдөө.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1-д буйругунун редакциясына ылайык)
19. Мониторингдин жыйынтыктары квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет жана жылына бир жолу Бирдиктүү порталда жарыяланат.