Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-сентябры № 559
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-мартындагы № 126
“Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында,
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө
мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза
жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында
каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн
объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу тартибин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 “Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7-пунктчалар менен толукталсын:
“6) төмөнкүдөй мүлккө карата:
– Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттин менчигине өткөн чарбалык коомдор тарабынан мамлекеттик менчикке өткөрүп берилген;
– укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишинин алкагында аныкталган, жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдор тарабынан алынган;
7) төмөнкүдөй жер тилкелерине карата:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде кабыл алынган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик менчикке же мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү, мурда жеке жана юридикалык жактардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин алкагында аныкталган;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча үлүштөрү/акциялары мамлекеттик менчикке өткөн чарбалык коомдордун балансында турган кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү жана Тартиптин ушул пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн кыймылсыз мүлк объекттери жайгашкан.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |