Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-сентябры № 804-т
Миграция процесстерин башкарууну жана жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 191-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 2-пункттун 2-4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда "1+1" принциби боюнча пилоттук программаны ишке киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда "1+1" принциби боюнча пилоттук программа иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ЭКМ, ЭСКММ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
3) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда "1+1" принциби боюнча пилоттук программага талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы | "1+1" принциби боюнча пилоттук программага талдоо жүргүзүлдү | ЭКМ, ЭСКММ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
4) Башка региондорго жайылтуу максатында "1+1" принциби боюнча гранттык программаны каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-жылдын IV кварталы | "1+1" принциби боюнча гранттык программаны каржылоо механизмдери иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилди | ЭКМ, ЭСКММ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
";
- 9-пунктта "2023-жыл" деген сөздөр "2025-жылдын IV кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пунктта "2022-жылдын II-IV кварталы" деген сөздөр "2025-жылдын IV кварталы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2) Төмөнкүлөрдү ачуу: Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук катышуусун кеңейтүү боюнча иштин экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигин ачуу маселесин иштеп чыгуу; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук катышуусун кеңейтүү боюнча иштин үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Кожонт шаарында Башкы консулдугун ачуу жөнүндө кыргыз тараптын демилгесин Тажикстан Республикасы менен макулдашуу жол-жобосун баштоо боюнча чараларды көрүү | 2025-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөлөрүн жүргөн мамлекеттер менен макулдашуу жана жактыруусун алуу. Консультацияларга жана жардамга кайрылган адамдардын саны. Башкы консулдуктар тарабынан канааттандырылган чечимдердин саны | ТИМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
";
16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
16 | Мигранттарга, иммигранттарга, жарандыгы жок адамдарга, мекендештерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрүнө басмырлоосуз жетүү маселелерин мамлекеттер аралык деңгээлде илгерилетүү | Мигранттар арасында кургак учукка каршы эпидемияга каршы чараларды көрүү жана дарылоонун конкреттүү жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-жылдын IV кварталы | Кургак учукту диагностикалоо жана дарылоо боюнча бекитилген клиникалык колдонмолор жана протоколдор. Кургак учук маселелери боюнча диаспоралар жана мигранттар менен өткөрүлгөн жолугушуулардын саны. Кургак учук маселеси боюнча кайрылган адамдардын (эмгек мигранттарынын) саны, кайтып келген эмгек мигранттарын ооруканага жаткыруунун жана амбулатордук көзөмөлгө алуунун саны. Мигранттардын ден соолугун медициналык күбөлөндүрүү жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү | ССМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
";
19-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2) Адамдарды сатуу үчүн жоопкерчилик бөлүгүндө, ошондой ага чектеш беренелерде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин ченемдерине салыштырмалуу талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде адамдарды сатуу жана чектеш укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү | ИИМ, ЭСКММ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
";
- 20-пунктта "Миграция кодексинин", "Миграция кодексин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Иммиграция кодексинин", "Иммиграция кодексин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1) Зомбулукка, экстремизмге, башка жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн ишин күчөтүү | 2025-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоо маселесин россиялык тарап менен иштеп чыгуу | ИИМ, ЭСКММ ТИМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |