Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-марты № 111
Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттарын бекитүү жөнүндө
Бажы операцияларын аткарууну тездетүүгө жана бажы контролунун чараларын оптималдаштырууга багытталган бажы процесстерин унификациялоо жана стандартташтыруу максатында, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 1-беренесинин 3-пунктуна, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |