Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна) |
Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү СТАНДАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бажы органдары тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттары (мындан ары - Стандарттар) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү процесси менен байланышкан бажы органдарынын бир түргө келтирилген аракеттерин (чараларын), ошондой эле стандарттарга жетишүүнү жана аткарууну мүнөздөөчү конкреттүү көрсөткүчтөрдү аныктайт.
Документтерди кабыл алуу жана Стандарттардын натыйжаларын берүү бажы органдары тарабынан бажы органынын маалымат системасы аркылуу ишке ашырылат.
2. Стандарттар деп Евразия экономикалык бирлигинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоонун шартында тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ишкердик ишти жүргүзүүнүн бирдей, жагымдуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылган бажылык жөнгө салуунун каражаттарын жана методдорун (ыкмаларын) так жана ырааттуу колдонуу түшүнүлөт.
3. Бажы операцияларын аткарууда колдонулуучу стандарттар:
1) "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу";
2) "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу келгенде товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу";
3) "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын аткаруу";
4) "Товарларды экспорттун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу";
5) "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу чыгарууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу".
4. Стандарттар товарлар жана транспорт каражаттары бажы чек арасына келген, бажы чек арасынан чыккан жерлерде, товарларды жана транспорт каражаттарын ички керектөө жана экспорттоо үчүн чыгаруунун бажы жол-жоболору боюнча жайгаштырган учурда бажы операциялары аткарылган жерлерде электрондук формада колдонулат.
5. Стандарттарга жетишүү жана аткаруу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан сандык мүнөздөгү көрсөткүчтөр белгиленет, алар бажы органынын автоматташтырылган системасын колдонуу менен бажы операцияларын аткаруунун натыйжалуулугуна мезгилдүү талдоо жүргүзүү жолу менен бажы органдарынын ишинин жыйынтыгына жана натыйжалуулугуна жетүү даражасын баалоо үчүн пайдаланылат.
2-глава. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты
6. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенге чейин товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 1-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 11, 88-беренелерине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 52 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты каттоонун тартиби жөнүндө", 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 56 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына автомобиль транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 57 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына темир жол транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 62 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына аба транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматты берүү тартибин бекитүү жөнүндө", 2018-жылдын 25-декабрындагы № 214 "Электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты колдонуу жөнүндө" чечимдерине ылайык иштелип чыккан.
7. 1-стандартты аткаруунун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары:
1) каттоо номерин ыйгаруу менен бажы органына берилген алдын ала маалыматты каттоого алуу - отуз мүнөттүн ичинде;
2) алдын ала маалыматты каттоодон баш тартуу - он беш мүнөттүн ичинде.
8. 1-стандартты аткаруу жана жыйынтыктарды берүү үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги:
1) берилген алдын ала маалыматка төмөнкү максаттар үчүн автоматтык режимде талдоо (баалоо) жүргүзүү:
- ушул параграфтын 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына (мындан ары - ЕАЭБдин бажы аймагы) ташып кирүүдө тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулуучу товарларды аныктоо;
- мамлекеттик контролдун башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу талап кылынган товарларды белгилөө, андан кийин алдын ала маалыматты мамлекеттик контролдоочу органдардын маалымат системаларына жиберүү;
2) алдын ала маалыматта камтылган маалыматтардын дал келбестиги табылган учурда, табылган каталарды жоюу жана алдын ала маалыматты автоматтык режимде кайталап жиберүү үчүн алардын тизмесин камтыган электрондук билдирүүнү жөнөтүү;
3) маалыматтык системаларды пайдалануу менен, анын ичинде автоматтык режимде тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен товарлар бажы чек арасына келгенге чейин бажы контролунун объекттерин, формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу;
4) бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу автоматтык режимде каттоо номерин ыйгаруу жолу менен алдын ала маалыматты каттоо (алдын ала маалыматты каттоодон баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда);
5) алдын ала маалымат берген адамга төмөнкүлөрдү камтыган электрондук билдирүү жөнөтүү:
- алдын ала маалыматтын каттоо номери, автоматтык режимде аны ыйгаруу датасы жана убактысы;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы № 214 чечими менен бекитилген Электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты колдонуу тартибинин 8-пунктунда каралган алдын ала маалыматты кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар алдын ала маалымат катталган учурдан тартып бир сааттын ичинде.
9. 1-стандартты аткаруудан баш тартуу төмөнкү негиздер боюнча бажы органынын маалымат системасы тарабынан автоматтык режимде ишке ашырылат:
1) берилген маалыматтын Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 192 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына аба транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө", 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 193 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына темир жол транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө", 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 194 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына автомобиль транспорту менен ташып кирүүгө болжолдонгон товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын түзүмү жана форматы жөнүндө" чечимдери менен аныкталган курамга, түзүмгө жана форматка шайкеш келбеши;
2) алдын ала маалыматты мамлекеттик же расмий тил болуп саналбаган тилде берүү.
3-глава. "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу келгенде товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты
10. "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу келгенде товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 2-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 10, 12, 14, 89-беренелерине, 14, 22-главаларына, Евразия экономикалык шериктештигинин Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 260 "Бажы документтеринин формалары жөнүндө", 2010-жылдын 18-июнундагы № 289 "Транзиттик декларацияны толтуруу формасы жана тартиби жөнүндө", Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 438 "Бажы органдары тарабынан транзиттик декларацияны берүү, каттоо жана бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоо менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" чечимдерине ылайык иштелип чыккан.
11. 2-стандартты аткаруунун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары:
1) товарлардын жана транспорт каражаттарынын ЕАЭБдин бажы аймагына келишин каттоо - ташуучу бажы органына алдын ала маалыматтын каттоо номери жөнүндө маалыматты камтыган документти берген учурдан тартып бир берилген алдын ала маалымдоону иштеп чыгуу үч мүнөттүн ичинде;
2) транзиттик декларацияны каттоо - транзиттик декларация бажы органына берилген учурдан тартып эки сааттын ичинде;
3) транзиттик декларацияны каттоодон баш тартуу - транзиттик декларацияны бажы органына берген учурдан тартып он мүнөттүн ичинде;
4) бажы органы тарабынан бажылык коштоону колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бажылык коштоону уюштуруу - мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
5) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу - транзиттик декларация катталган учурдан тартып эки сааттын ичинде;
6) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруудан баш тартуу (тыюу салуу) - транзиттик декларация катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде ишке ашырылат.
12. 2-стандартты аткаруунун жыйынтыктары:
- каттоо номерин ыйгаруу жолу менен транзиттик декларацияны каттоо;
- транзиттик декларацияны каттоодон баш тартуу;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча киргизүүгө (товарларды чыгарууга) уруксат берилди;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууга тыюу салынды (чыгаруудан баш тартуу).
13. 2-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеси:
1) эл аралык ташуунун транспорт каражатына документтер;
2) транспорттук (ташуучу) документтер;
3) Дүйнөлүк почта бирлигинин актылары менен аныкталган эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташуу боюнча документтер;
4) ташылуучу товарларга коммерциялык документтер;
5) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 7-беренесине ылайык тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер жана (же) маалыматтар;
6) ЕАЭБдин бажы аймагына келген Бирликтин товарларына жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттердин аймактары аркылуу ташуу (транспортировкалоо) үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча коюлган чет өлкөлүк товарларга карата - транзиттик декларация;
7) төмөнкүлөр жөнүндө маалымат:
- эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо;
- товарларды ташуучу (аталышы жана дареги);
- товар жөнөтүлгөн өлкө жана товар баруучу өлкө (аталышы);
- товарларды жөнөтүүчү жана алуучу (аталышы жана дареги);
- ташуучунун коммерциялык документтерине ылайык товарларды сатуучу жана сатып алуучу;
- жүк орундарынын саны, алардын маркаланышы жана товарлардын таңгактарынын түрлөрү;
- товарлар (товарлардын аталыштары жана Товарларды сыпаттоонун жана код берүүнүн шайкештелген системасына же Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБдин ТЭИ ТН) ылайык биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлде коддору);
- товарлардын брутто салмагы (килограмм менен) же товарлардын көлөмү (куб метр менен);
- ЕАЭБдин бажы аймагына алып кирүүгө тыюу салынган же чектелген товарлардын болушу (жоктугу);
- эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз түзүлгөн орду жана датасы;
- контейнерлердин идентификациялык номерлери;
- товарлардын ЕАЭБдин бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органына кабарлаган жүк ташуучу (юридикалык жак болуп саналбаган уюмдун, юридикалык жактын толук же кыскача (кыскартылган) аталышы же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), дареги);
- бажы өкүлү жөнүндө маалыматтар (юридикалык жакты бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүүнү ырастаган документтин номери) же ташуучунун тапшырмасы боюнча аракеттенген башка жак жөнүндө (юридикалык жак болуп саналбаган уюмдун, юридикалык жактын толук же кыскача (кыскартылган) аталышы, же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), дареги), эгерде мындай жак товарлардын ЕАЭБдин бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органына билдирүүгө байланыштуу бажы операцияларын жүргүзсө;
8) алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен алдын ала маалыматты каттоо жөнүндө маалыматтар;
14. 2-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги жана аларды аткаруунун мөөнөттөрү:
1) документтердин бар экендигин текшерүү жана алдын ала маалыматта камтылган минималдуу маалыматтарды транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштыруу - ташуучу бажы органына алдын ала маалыматтын каттоо номери жөнүндө маалыматты камтыган документти берген учурдан тартып үч мүнөттүн ичинде;
2) алдын ала маалыматты колдонуу менен бир эле учурда ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын келгендиги жөнүндө кабарлоонун датасын жана убактысын белгилөө менен ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келишин каттоо - ташуучу бажы органына алдын ала маалыматтын каттоо номери жөнүндө маалыматты камтыган документти берген учурдан тартып үч мүнөттүн ичинде;
3) алдын ала маалыматта тийиштүү мамлекеттик контроль жүргүзүү жөнүндө чечим болсо, ташуучу тарабынан берилген документтерди бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо органдарына өткөрүп берүү автоматтык режимде;
4) ушул параграфтын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жана маалыматтардын бар экендигин жана транзиттик декларацияда электрондук түрдө көрсөтүлгөн маалыматтардын транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келишин текшерүү - транзиттик декларация бажы органына берилген учурдан тартып он мүнөттүн ичинде;
5) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган же чектелген товарлардын бар экендиги жөнүндө документтерди жана маалыматтарды текшерүүгө - ташуучу документтерди берген учурдан тартып беш мүнөттүн ичинде автоматтык режимде;
6) тобокелдиктерди башкаруу системасынын алкагында тобокелдиктер табылган учурда бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу формаларды жана (же) чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү;
7) бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу ага каттоо номерин ыйгаруу жолу менен транзиттик декларацияны кабыл алуу жана каттоо - транзиттик декларацияны бажы органына берген учурдан тартып он мүнөттүн ичинде;
8) транзиттик декларацияны каттоодон баш тартуу - транзиттик декларацияны бажы органына берген учурдан тартып он мүнөттүн ичинде;
9) бажы органы тарабынан бажылык коштоону колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда коштоп жүрүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздөө жана бажы нарядынын башчысына берүү - мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
10) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу - он беш мүнөттүн ичинде;
11) товарлардын жана транспорттук каражаттардын баруучу бажы органына келишин контролдоо - ташуучу транзиттик декларацияны баруучу бажы органына берген учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
12) товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоого киргизүүнү жана (же) аларды бажы контролунун зонасында жайгаштырууну контролдоо - бажы транзитинин бажы жол-жобосу аяктаган учурдан тартып үч сааттын ичинде;
13) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды жана транспорт каражаттарын чыгаруу же чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу - транзиттик декларация катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде.
15. 2-стандартты аткаруудан баш тартуу үчүн негиздер:
1) транзиттик декларацияны каттоодо:
- транзиттик декларация транзиттик декларацияларды каттоого укугу жок бажы органына берилген;
- транзиттик декларация ыйгарым укуктуу эмес адам тарабынан берилген;
- транзиттик декларацияда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 107-беренесинде каралган зарыл маалыматтар көрсөтүлгөн эмес;
- транзиттик декларацияга кол коюлбаган же талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн же белгиленген форма боюнча түзүлбөгөн;
- декларацияланып жаткан товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны менен бир убакта жасалууга тийиш иш-аракеттер жасалбаса;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууда:
- ЕАЭБдин бажы аймагына алып кирүүдө тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулган товарлардын болушу;
- адамдарга жана транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контролду, баңги каражаттарынын жүгүртүлүшүнө контролду жүргүзүүнүн жана контролдоонун башка түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча;
3) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 125-беренесине ылайык товарларды жана транспорт каражаттарын чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда.
4-глава. "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты
16. "Ички керектөө үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 3-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы № 188 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине ылайык иштелип чыккан.
Форматтык контроль деп Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 2 "Товарларга декларациянын жана транзиттик декларациянын түзүмү жана форматы жөнүндө" чечими менен белгиленген электрондук түрдө товарларга декларациянын түзүмүнө жана форматтарына товарларга декларациянын шайкеш келишин талдоо жана текшерүү түшүнүлөт.
Форматтык-логикалык контроль (мындан ары - ФЛК) - электрондук түрдө товарларга декларациядагы маалыматтардын билдирилген бажы жол-жобосу үчүн толтуруу эрежелерине, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларына, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого шайкештигин текшерүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттардын аткарылышын контролдоо.
17. 3-стандартты аткаруунун мөөнөттөрү:
1) товарларга электрондук түрдө декларацияны (мындан ары - ТЭД) каттоо - берген учурдан тартып бажы органынын бир жумуш саатынын ичинде;
2) ТЭДди каттоодон баш тартуу - ТЭДди берген учурдан тартып бажы органынын бир жумуш саатынын ичинде;
3) товарларды чыгаруу - ТЭД катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде;
4) товарларды чыгаруудан баш тартуу - ТЭД катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде;
5) бажы органы документтерди сураган, бажы контролун башка формада жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган же бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган, декларант ТЭДде билдирилген маалыматтарды өзгөртүү (толуктоо) жөнүндө кайрылган учурда товарларды чыгаруу - ТЭД катталган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;
6) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларда чыгаруу мөөнөтүн узартууда товарларды чыгаруу - ТЭД катталган күндөн кийинки күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде.
18. 3-стандартты аткаруунун натыйжалары:
- ички керектөө үчүн чыгаруунун билдирилген бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу жөнүндө чечим;
- ички керектөө үчүн чыгаруунун билдирилген бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим.
19. 3-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
1) товарлар менен тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн ырастоочу документтер, ал эми мындай бүтүм болбогон учурда - товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастоочу башка документтер, ошондой эле декларанттын карамагында болгон башка коммерциялык документтер;
2) транспорттук (ташуучу) документтер;
3) бажы декларациясын берген жактын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
4) тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн, ички рынокту коргоо чараларынын сакталышын ырастаган документтер;
5) товарлардын чыккан жери жөнүндө документтер;
6) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык аларды классификациялоодо колдонулган товарлардын мүнөздөмөлөрүн ырастаган документтер, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим (болсо);
7) бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын төлөнгөндүгүн жана (же) бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыз кылууну ырастаган документтер;
8) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү максаттарынын жана шарттарынын сакталышын ырастаган документтер;
9) бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүнүн өзгөргөндүгүн ырастаган документтер;
10) товарлардын билдирилген бажы наркын, анын ичинде анын көлөмүн жана товарлардын бажы наркын аныктоо методун ырастаган документтер.
20. 3-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги:
1) ТЭДди автоматтык режимде берүү мөөнөттөрүн текшерүү;
2) ТЭДде билдирилген маалыматтарды ырастаган "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" маалыматтык бөлүмүндө жайгаштырылган документтерди текшерүү;
3) ТЭДдин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 2 "Товарларга декларациянын жана транзиттик декларациянын түзүмү жана форматы жөнүндө" чечими менен белгиленген ТЭД түзүмүнө жана форматтарына шайкештигин форматтык контролдоо жана декларанттын электрондук кол тамгасынын аныктыгын автоматтык режимде текшерүү;
4) ТЭДди форматтык контролдоодо табылган каталардын тизмегин камтыган электрондук билдирүүнү аларды жоюу жана ТЭДди кайра берүү үчүн декларантка жиберүү он беш мүнөттүн ичинде;
5) ТЭД форматтык контролдоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин төмөнкү максатта ФЛКны отуз мүнөттүн ичинде жүргүзүү:
- ТЭДде билдирилген маалыматтардын товарларды бажылык декларациялоодо пайдаланылуучу документтерде камтылган маалыматтарга шайкештигин аныктоо;
- товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштыруу шарттарын сактоо;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча товардын классификациялык кодунун шайкештигин аныктоо;
- тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоо (лицензияларды, сертификаттарды, уруксаттарды жана (же) тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастаган башка документтерди, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын текшерүү);
- товар чыгарылган өлкөнү аныктоо жана тарифтик преференцияларды берүү (товар жөнөтүүчү өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген товар чыгарылган өлкөнү ырастаган документти, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билдирилген мөөрлөрдүн жана кол тамгалардын издеринин үлгүлөрү менен товарлардын чыккан жерин ырастаган документтердеги мөөрлөрдүн жана кол тамгалардын издерин текшерүү);
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук бажы реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча чараларды көрүү;
- товарлардын бажы наркын бажылык декларациялоодо билдирилген бажы контролун жүргүзүү (ТЭДде билдирилген бажы наркын коммерциялык жана башка документтерде көрсөтүлгөн нарк менен, товарлардын бажы наркын аныктоо методдорун колдонуунун тууралыгын текшерүү);
- бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгы (бажы төлөмдөрүн эсептөөгө таасирин тийгизген ТЭДде билдирилген маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттерди берүүнүн, камсыз кылуунун, аткаруунун негиздерин жана шарттарын, билдирилген тарифтик, салыктык жеңилдиктердин жана преференциялардын, товарларды бажылык декларациялоо үчүн бажы жыйымдарын төлөө боюнча жеңилдиктердин негиздүүлүгүн, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларын эсептөөнүн тууралыгын, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө тиешелүү чечимдин болушун, бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммаларынын түшүүлөрүн текшерүү);
6) ТЭДде каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгондугунун белгилерин текшерүү;
7) ФЛКда ТЭДде каттоодон баш тартуу үчүн негиздер табылган учурда, мындай баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди көрсөтүү менен декларантка электрондук билдирүүнү автоматтык режимде жиберүү;
8) бажы органынын маалыматтык системасын пайдалануу менен автоматтык режимде ТЭД берилген датаны жана убакытты белгилөө;
9) каттоо номерин ыйгаруу аркылуу ТЭДди автоматтык режимде каттоо;
10) бажы контролунун объекттерин жана бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды аныктоо үчүн ТЭДде билдирилген маалыматтарды тобокелдиктерди башкаруу системасында камтылган маалыматтар менен салыштыруу;
11) товарларды чыгаруу же чыгаруудан баш тартуу жөнүндө автоматтык режимде чечим кабыл алуу.
21. 3-стандартты аткаруудан баш тартуу үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ТЭДди каттоодо:
- ТЭДди каттоого укугу жок бажы органына ТЭД берилсе;
- ТЭД ыйгарым укуктуу эмес адам тарабынан берилсе жана (же) ага кол коюлбаса же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлбөсө;
- бажылык декларациялоонун формасы сакталбаса;
- ТЭДде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар көрсөтүлбөсө жана (же) ТЭД аны толтуруунун белгиленген тартибине ылайык толтурулбаса;
- электрондук бажы декларациясынын түзүмү жана форматы ТЭДдин белгиленген түзүмдөрүнө жана форматтарына шайкеш келбесе;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ТЭД берилгенге чейин же аны менен бир убакта жасалууга тийиш болгон иш-аракеттер аткарылбаса;
- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген товарларды бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү сакталбаса, алар бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир убакта сакталууга тийиш;
2) товарларды чыгарууда:
- бажы органы товарларды чыгарган шарттар сакталбаса;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 325-беренесинин 2 жана 7-пункттарында каралган учурларда декларант тарабынан документтерди берүү жөнүндө бажы органынын талаптары аткарылбаса;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 112-беренесинин 2-пунктунда каралган учурда ТЭДде билдирилген маалыматтарды өзгөртүү (толуктоо) жөнүндө бажы органынын талаптары ишке ашырылбаса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарлар алынбаган же алар камакка алынбаган шартта административдик укук бузуу же кылмыш табылган учурда.
5-глава. "Товарларды экспорттун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты
22. "Товарларды экспорттун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 4-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы № 188 "Товарларды чыгарууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине ылайык иштелип чыккан.
23. 4-стандартты аткаруу мөөнөтү:
1) товарларга электрондук түрдөгү декларацияны каттоо - ТЭД берилген учурдан тартып бажы органынын бир саат жумуш убактысынын ичинде;
2) ТЭДди каттоодон баш тартуу - ТЭД берилген учурдан тартып бажы органынын бир саат жумуш убактысынын ичинде;
3) товарларды чыгаруу - ТЭД катталган учурдан тартып төрт сааттын ичинде;
4) товарларды чыгаруудан баш тартуу - ТЭД катталган учурдан тартып төрт саат өткөнгө чейин;
5) бажы органы документтерди сураган, бажы контролун башка формада жүргүзүү же бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган, декларант ТЭДде билдирилген маалыматтарды өзгөртүү (толуктоо) жөнүндө кайрылган учурда товарларды чыгаруу - ТЭДде катталган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде.
24. 4-стандартты аткаруунун натыйжалары:
- экспорттун билдирилген бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу жөнүндө чечим;
- экспорттун билдирилген бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим.
25. 4-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) товарлар менен тышкы экономикалык бүтүмдүн түзүлгөндүгүн ырастаган документтер, ал эми мындай бүтүм болбогон учурда - товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган башка документтер, ошондой эле декларанттын карамагында болгон башка коммерциялык документтер;
2) транспорттук (ташуучу) документтер;
3) бажы декларациясын берген адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документтер;
4) тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер;
5) товарлардын чыккан жери жөнүндө документтер;
6) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык аларды классификациялоодо колдонулган товарлардын мүнөздөмөлөрүн ырастаган документтер, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим (болсо);
7) бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүн ырастаган документтер;
8) товарлардын билдирилген бажы наркын ырастаган документтер.
26. 4-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги:
1) ТЭДди автоматтык режимде берүү мөөнөттөрүн текшерүү;
2) ТЭДде билдирилген маалыматтарды ырастаган "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" маалыматтык бөлүмүндө жайгаштырылган документтерди текшерүү;
3) ТЭДдин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 2 "Товарларга декларациянын жана транзиттик декларациянын түзүмү жана форматы жөнүндө" чечими менен белгиленген ТЭД түзүмүнө жана форматтарына шайкештигин форматтык контролдоо жана декларанттын электрондук кол тамгасынын аныктыгын автоматтык режимде текшерүү;
4) ТЭДди форматтык контролдоодо табылган каталардын тизмегин камтыган электрондук билдирүүнү аларды жоюу жана ТЭДди автоматтык режимде кайра берүү үчүн декларантка жиберүү;
5) ТЭД форматтык контролдоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин төмөнкү максатта ФЛКны автоматтык режимде отуз мүнөттүн ичинде жүргүзүү:
- ТЭДде билдирилген маалыматтардын товарларды бажылык декларациялоодо пайдаланылуучу документтерде камтылган маалыматтарга шайкештиги;
- экспорттун бажы жол-жобосу боюнча товарларды жайгаштыруу шарттарын сактоо;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча товардын классификациялык кодун аныктоонун тууралыгы;
- тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоо (лицензияларды, сертификаттарды, уруксаттарды жана (же) тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастаган башка документтерди, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын текшерүү);
- товар чыгарылган өлкөнү аныктоонун тууралыгы;
- товарлардын бажы наркын бажылык декларациялоодо билдирилген бажы контролун жүргүзүү (ТЭДде билдирилген бажы наркын коммерциялык жана башка документтерде көрсөтүлгөн нарк менен текшерүү);
- бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгы;
6) ТЭДде каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгондугунун белгилерин текшерүү;
7) бажы органынын маалыматтык системасын пайдалануу менен автоматтык режимде ТЭД берилген датаны жана убакытты белгилөө;
8) каттоо номерин ыйгаруу аркылуу ТЭДди автоматтык режимде каттоо;
9) бажы контролунун объекттерин жана бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды аныктоо үчүн ТЭДде билдирилген маалыматтарды тобокелдиктерди башкаруу системасында камтылган маалыматтар менен салыштыруу;
10) товарларды чыгаруу же чыгаруудан баш тартуу жөнүндө автоматтык режимде чечим кабыл алуу.
27. 4-стандартты аткаруудан баш тартуунун негиздери:
1) ТЭДди каттоодо:
- ТЭДди каттоого укугу жок бажы органына ТЭД берилсе;
- ТЭД ыйгарым укуктуу эмес адам тарабынан берилсе жана (же) ага кол коюлбаса же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлбөсө;
- бажылык декларациялоонун формасы сакталбаса;
- ТЭДде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар көрсөтүлбөсө жана (же) ТЭД аны толтуруунун белгиленген тартибине ылайык толтурулбаса;
- электрондук бажы декларациясынын түзүмү жана форматы ТЭДдин белгиленген түзүмүнө жана форматтарына шайкеш келбесе;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ТЭД берилгенге чейин же аны менен бир убакта жасалууга тийиш болгон иш-аракеттер аткарылбаса;
- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген товарларды бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү сакталбаса, алар бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир убакта сакталууга тийиш;
2) товарларды чыгарууда:
- бажы органы товарларды чыгарган шарттар сакталбаса;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 325-беренесинин 2 жана 7-пункттарында каралган учурларда декларант тарабынан документтерди берүү жөнүндө бажы органынын талаптары аткарылбаса;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 112-беренесинин 2-пунктунда каралган учурда ТЭДде билдирилген маалыматтарды өзгөртүү (толуктоо) жөнүндө бажы органынын талаптары ишке ашырылбаса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарлар алынбаган же алар камакка алынбаган шартта административдик укук бузуу же кылмыш табылган учурда.
6-глава. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу чыгарууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты
28. "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу чыгарууга байланышкан бажы операцияларын аткаруу" стандарты (мындан ары - 5-стандарт) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 15-главасына, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 7-ноябрындагы № 134 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес мамлекеттердин аймагы жана (же) деңиз аркылуу бажы транзитинин бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырбастан ташылуучу товарлардын айрым категорияларын алып келүүдө жана чыгарууда бажы операцияларын аткаруунун айрым маселелери жөнүндө" чечими менен бекитилген Экспорттун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырылган Евразия экономикалык бирлигинин товарларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына чыгарууга жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып келүүгө байланышкан бажы операцияларын аткаруунун тартибине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 7-февралындагы № 25 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан Бирликтин бажы аймагынан товарларды иш жүзүндө ташып чыгарууну ырастоонун тартиби жөнүндө", Евразия экономикалык коомдоштугунун Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 260 "Бажы документтеринин формалары жөнүндө", 2010-жылдын 18-июнундагы № 289 "Транзиттик декларацияны толтуруу формасы жана тартиби жөнүндө", 2010-жылдын 17-августундагы № 438 "Бажы органдары тарабынан транзиттик декларацияны берүүгө, каттоого жана бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоого байланышкан бажы операцияларын аткаруунун тартиби жөнүндө" чечимдерине ылайык иштелип чыккан.
29. 5-стандартты аткаруунун мөөнөттөрү:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу жөнүндө билдирүүнү кабыл алуу - он беш мүнөттүн ичинде;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу фактысын чыгарууга уруксатты каттоо - чыгаруу жөнүндө билдирүүнү автоматтык режимде кабыл алган учурдан тартып он беш мүнөттүн ичинде;
3) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу фактысын каттоодон баш тартуу - чыгаруу жөнүндө билдирүүнү автоматтык режимде кабыл алган учурдан тартып он беш мүнөттүн ичинде;
4) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарууга уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу - автоматтык режимде;
5) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарууга тыюу салуу жөнүндө чечимди кабыл алуу - автоматтык режимде.
30. 5-стандартты аткаруунун натыйжалары:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу фактысын каттоо;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу фактысын каттоодон баш тартуу.
31. 5-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги:
1) эл аралык ташуунун транспорт каражатына документтер;
2) транспорттук (ташуучу) документтер;
3) Дүйнөлүк почта бирлигинин актылары менен аныкталган эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташууда коштоочу документтер;
4) ташылуучу товарларга коммерциялык документтер;
5) төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар:
- эл аралык ташуунун транспорт каражатын мамлекеттик каттоо;
- товарларды ташуучу (аталышы жана дареги);
- товарды жөнөткөн өлкө жана товар баруучу өлкө (аталышы);
- товарларды жөнөтүүчү жана алуучу (аталышы жана дареги);
- ташуучунун коммерциялык документтерине ылайык товарларды сатуучу жана сатып алуучу;
- жүк орундарынын саны, алардын маркаланышы жана товарлардын таңгактарынын түрлөрү;
- товарлар (аталыштары жана Товарларды сыпаттоонун жана коддоонун шайкеш келтирилген системасына же ЕАЭБ ТЭИ ТНдин биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги коддору);
- товарлардын брутто салмагы (килограмм менен) же товарлардын көлөмү (куб метр менен);
- ташып чыгууга тыюу салынган же чектелген товарлардын болушу (жоктугу);
- эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз түзүлгөн жер жана дата;
- контейнерлердин идентификациялык номерлери;
6) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 7-беренесине ылайык тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер жана (же) маалыматтар;
7) товарларга декларация, транзиттик декларация.
32. 5-стандартты аткаруу үчүн зарыл болгон негизги чаралардын тизмеги:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгаруу жөнүндө билдирүүнү кабыл алуу датасын жана убактысын автоматтык режимде белгилөө;
2) бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоо (эгерде товарларды ташуу (жеткирүү) чыгарылган жерде жайгашкан бажы органына жүргүзүлсө), анын ичинде бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоону тариздөө жөнүндө чечимди кабыл алуу транзиттик декларацияны бажы органына берген учурдан тартып беш мүнөттүн ичинде;
3) ушул параграфтын 30-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жана маалыматтардын, анын ичинде ЕАЭБдин бажы аймагынан товарларды ташып чыгууга жол берген бажы декларациясынын, бажылык кароо актысынын бар экендигин текшерүү ташуучу документтерди бажы органына берген учурдан тартып беш мүнөттүн ичинде;
4) товарлардын электрондук түрдөгү декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтардын транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү ташуучу документтерди бажы органына берген учурдан тартып он мүнөттүн ичинде;
5) төмөнкү максатта автоматтык режимде ФЛКны жүргүзүү:
- Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерге, актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгуу тыюу салынган же чектелген товарларды аныктоо;
- товарларга жана транспорттук каражаттарга карата фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдун (көзөмөл) жүргүзүлгөндүгү жөнүндө документтерди (маалыматтарды) текшерүү;
- негизги жана кошумча өлчөө бирдиктериндеги иш жүзүндө ташып чыгуучу товарлар жана алардын саны жөнүндө маалыматтардын товарларга электрондук түрдөгү декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештиги;
6) тобокелдиктерди башкаруу системасынын алкагында тобокелдиктер аныкталган учурда бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу формаларды жана (же) чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү;
7) транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнө коюлган мөөрлөрдүн жана пломбалардын же болбосо идентификациялоонун башка каражаттарынын сакталышын, транспорт каражатынын жүк бөлүмүнүн бүтүндүгүн жана анын белгиленген талаптарга шайкештигин, транспорт каражаттарында аларды ташууда товарлардын тарасынын же таңгагынын абалын чыгаруу жөнүндө билдирүү кабыл алынган учурдан тартып он беш мүнөттүн ичинде текшерүү;
8) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарууга уруксатты, товардын чыккан датасын жана убактысын көрсөтүү менен, товарды чыгарууга уруксаттын каттоо номерин ыйгаруу аркылуу тариздөө жөнүндө чечимди автоматтык режимде кабыл алуу;
9) товарларды жана транспорт каражаттарын ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарууга уруксатты тариздөө жөнүндө чечимди кабыл алуудан автоматтык режимде баш тартуу;
10) товарды чыгарууга уруксаттын каттоо номерин, товардын чыккан датасын жана убактысын көрсөтүү менен ЕАЭБдин бажы аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын чыгарууга уруксатты тариздөө жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 7-февралындагы № 25 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан Бирликтин бажы аймагынан товарларды иш жүзүндө ташып чыгарууну ырастоонун тартибине каралган башка маалыматтарды камтыган электрондук ырастоону автоматтык режимде түзүү жана товарларды чыгарган бажы органына жиберүү;
11) тобокелдиктерди башкаруу системасынын алкагында тобокелдиктер аныкталган учурда, бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу формаларды жана (же) чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү.
33. 5-стандартты аткаруудан баш тартуу үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) ташуучу тарабынан зарыл болгон документтер жана (же) маалыматтар берилбесе же эгерде берилген документтер талаптагыдай таризделбесе;
2) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгилерин табуу.