Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрели № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 3 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 5 Ош облусунун Сузак районунун Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 2 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 4 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 6 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча;
- Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 2 Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 3 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
2) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 2 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 3 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 5 Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 3 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 5 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңеши боюнча;
- Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 2 Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 4 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 24 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Кара-Суу АШК, № 3, 09.04.2025-ж. (07.04.2025-ж., өз арызы) | Жоош айылдык (№ 6 Кызыл-Кошчу шайлоо округу) | Кадыров Замирбек Кубанычович |
Ноокат району | |||
2 | Ноокат АШК, № 5, 11.04.2025-ж. (07.04.2025-ж., өз арызы) | Төөлөс айылдык (№ 1 Кеңеш шайлоо округу) | Тойкулов Акпарали Эргешович |
Кара-Кулжа району | |||
3 | Кара-Кулжа АШК, № 2, 09.04.2025-ж. (04.04.2025-ж., өз арызы) | Ылай-Талаа айылдык (№ 4 Токбай-Талаа шайлоо округу) | Дүйшембиев Темирбек Аскараалыевич |
4 | Кара-Кулжа АШК, № 2, 09.04.2025-ж. (04.04.2025-ж., өз арызы) | Кара-Гуз айылдык (№ 1 Алтын-Күрөк шайлоо округу) | Тентиева Нуриля Сапарбаевна |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
5 | Сузак АШК, № 4, 09.04.2025-ж. (04.04.2025-ж., өз арызы) | Кара-Дарыя айылдык (№ 1 Ак-Мечит шайлоо округу) | Сайдакбаров Мухамадсадык Имамалиевич |
6 | Сузак АШК, № 6, 11.04.2025-ж. (11.04.2025-ж., өз арызы) | Көк-Жаңгак шаардык | Базарбаев Улан Базарбаевич (5) "Ак-Нур Келечек" депутаттык фракциясы |
Талас облусу | |||
Манас району | |||
7 | Манас АШК, № 2, 11.04.2025-ж. (09.04.2025-ж., өз арызы) | Уч-Коргон айылдык (№ 4 Кызыл-Жылдыз шайлоо округу) | Бекенова Гулира Барпыбековна |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
8 | Каракол АШК, № 3, 11.04.2025-ж. (02.04.2025-ж., өз арызы) | Каракол шаардык | Тудеев Нурбек Каныбекович (4) "Эмгек" депутаттык фракциясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 24 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
1 | Каракол АШК, № 2, 10.04.2025-ж. (23.12.2024-ж., өз арызы) | Каракол шаардык | Жолдош уулу Эламан (10) "Эмгек" саясий партиясы |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 24 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу АШК, № 3, 09.04.2025-ж. (07.04.2025-ж. өз арызы ) | Жоош айылдык (№ 6 Кызыл-Кошчу шайлоо округу) | Касымов Мирбек Эргешович | Убактылуу иштебейт |
Ноокат району | ||||
2 | Ноокат АШК, № 5, 11.04.2025-ж. (07.04.2025-ж. өз арызы ) | Төөлөс айылдык (№ 1 Кеңеш шайлоо округу) | Сайдилла уулу Нурсыдык | Убактылуу иштебейт |
Кара-Кулжа району | ||||
3 | Кара-Кулжа АШК, № 3, 09.04.2025-ж. (07.04.2025-ж. өз арызы ) | Ылай-Талаа айылдык (№ 4 Токбай-Талаа шайлоо округу) | Акаева Венера Тургунбековна | Бала бакчада тарбиячы |
4 | Кара-Кулжа АШК, № 3, 09.04.2025-ж. (07.04.2025-ж. өз арызы) | Кара-Гуз айылдык (№ 1 Алтын-Күрөк шайлоо округу) | Ташмамат уулу Мекен | Убактылуу иштебейт |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
5 | Сузак АШК, № 5, 09.04.2025-ж. (09.04.2025-ж. өз арызы) | Кара-Дарыя айылдык (№ 1 Ак-Мечит шайлоо округу) | Кыргызбаев Азамат Кубатбекович | Жеке ишкер |
6 | Сузак АШК, № 7, 11.04.2025-ж. (11.04.2025-ж. өз арызы) | Көк-Жаңгак шаардык | Исаев Жаныбек Абдурахманович (11) "Ак-Нур Келечек" саясий партиясы | М.В.Фрунзе атындагы № 1 орто мектебинде дене тарбия мугалими |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
7 | Манас АШК, № 2, 11.04.2025-ж. (11.04.2025-ж. өз арызы) | Уч-Коргон айылдык (№ 4 Кызыл-Жылдыз шайлоо округу) | Надырбеков Алишер Асылбекович | Дыйкан чарба |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
8 | Каракол АШК, № 4, 11.04.2025-ж. (02.04.2025-ж. өз арызы) | Каракол шаардык | Тилемишов Улан Таалайбекович (11) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |