Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августундагы № 535
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
– 1.2-пункттун сексен бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Такси” – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, “Такси” деген таануучу белгиси, оң абалдагы таксометри, ташуучунун аталышы (дареги, телефон номери), айдоочунун аты-жөнү, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси, лицензиянын номери жана жарактуулук мөөнөтү, айдоочунун сүрөтү көрсөтүлгөн табличкасы бар транспорт каражаттары. “Такси” таанытуучу белгиси “Т” деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Автоунаанын огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автоунааларды жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.”;
– 4-пунктта:
отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ташуучу – жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автоунаа транспорт каражатына жана аймагына, транспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, буга тиешелүү лицензиясы бар же жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды тапшырык кылуу үчүн колдонулуучу аппараттык-программалык комплексти, интернет-платформаны жана (же) мобилдик тиркемени, колл-борборду пайдаланган юридикалык же жеке жак же болбосо автоунаа транспорт каражатына ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин жана/же жеке эмгек ишмердигинин субъекти катары катталган жана/же маалыматтык система аркылуу кызматтарды көрсөтүүчү жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте берилген, ошол ишти жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар жеке жак;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“таксометр – жеңил таксинин жүрүшүнүн бирдигине жана (же) жеңил таксини пайдалануу убактысынын бирдигине белгиленген тарифтердин негизинде, анын ичинде мобилдик телефондо жана (же) планшетте маалыматтык системаны колдонуу аркылуу жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуунун максималдуу наркын эсептөө үчүн пайдаланылуучу техникалык каражат;
таксиге тапшырык берүүнүн маалыматтык системасы – мындай маалыматтык система менен кызматташкан үчүнчү жактардан жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү тапшырык кылуу үчүн колдонулуучу программалык-аппараттык комплекс жана (же) интернет платформа жана (же) мобилдик тиркеме жана (же) колл-борбор.”;
– 2-главанын 11-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 1041-пункт менен толукталсын:
“1041. Бишкек – Ош автожолунун тоолуу жерлеринде ушул главанын талаптарын сактоо менен төмөнкүлөр пайдаланылат:
– жыл бою, толук жүрүүчү механизми бар, өтүүсү жогорку деңгээлдеги автобустар;
– убактылуу, 1-майдан 15-октябрга чейинки мезгилде (климаттык шарттарды эске алуу менен), кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустар.
Эскертүү: өзгөчө учурларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Бишкек – Ош автожолунун тоолуу жерлеринде кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустар пайдаланылышы мүмкүн.”;
– 109-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“109. Ички жасалга төмөнкүлөрдү камтыйт:
– бузугу жок таксометр;
– ташуучунун аталышы, дареги жана телефон номуру жазылган табличка.
Такси катарында пайдаланылуучу автоунаалар үчүн:
1) бузугу жок таксометр;
2) төмөнкүлөр көрсөтүлгөн (бар болгон) табличка:
– таксинин айдоочусунун аты-жөнү;
– автоунаа транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
– лицензиянын номери жана колдонуу мөөнөтү;
– айдоочунун сүрөтү.
Эскертүү: маалыматтык система пайдаланылган учурда маалыматтык система автоунаанын айдоочусунун аты-жөнү, ташуучунун аталышы жана анын дареги, ошондой эле автоунаа транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси, автоунаа транспорт каражатынын маркасы жана анын түсү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.”;
– 174-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“174. Сыйымдуулугу эң аз автобустар жана жеңил автоунаа-таксилер тейлеген каттамдарда түшүрүү, жүргүнчүнүн талабы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузбай жүргүзүлөт.”;
– 189-пунктта “50” деген цифралар “60” деген цифраларга алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 1901-пункт менен толукталсын:
“1901. Автоунаа-таксилерде жүргүнчүлөрдү ташуу иши менен алектенген айдоочунун сырткы көрүнүшү/кийими таза жана тыкан болушу керек.”;
– 194-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“194. Жеңил автоунаа-таксилерде жүргүнчүлөргө башка жүргүнчүлөрдүн кийимин же каптоочу материалды булгаган кийимчен жүрүүгө, эшиктердин жабылышына тоскоолдук кылууга же аларды автоунаа толук токтогуча ачканга, терезелерден баш салып кароого, отургучка балдарды тургузуп коюуга жана жол жүктү (кол жүктөрдү) коюуга, эшиктерди ачуу механизмдерин иштетүүгө, жүрүп баратканда айдоочуну алаксытууга жана аны менен сүйлөшүүгө, курч, кескич, жарылуучу, ууландыруучу, тез күйүп кетүүчү, булганыч, жегич жана коңурсуган нерселерди, капталбаган ок атуучу куралдарды ташууга тыюу салынат.”;
– 4-главанын 1-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 1941-пункт менен толукталсын:
“1941. Такси тапшырык кылуунун маалыматтык системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
– накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн, тапшырыктар жөнүндө маалыматты бөлүштүрүү системасынын болушун, автоунааны көзөмөлдөөнү, айдоочунун жана автоунаанын профилин, тапшырык карточкасын;
– ылдамдыкты контролдоонун жана айдоочунун бурулууларын талдоонун автоматташтырылган системасын;
– каттамдан четтөөлөрдү контролдоонун жана пландалбаган аялдамаларды талдоонун автоматташтырылган системасын;
– каттам жөнүндө маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү, ошондой эле шашылыш кызматтарды чакыруу функциясына жетүү мүмкүндүгүн;
– колдоо кызматынын күнү-түнү иштөөсүн уюштурууну;
– жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды камтыган ар бир сапарды кошумча камсыздандырууну;
– айдоочуларда тиешелүү жарактуу лицензиясынын болуусун (эскертүү: бул талап 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет);
– тапшырыктардын/чакыруулардын берилишин чектөө жолу менен белгиленген эмгек жана эс алуу режимин.”;
– 198-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“198. Калктуу конуштар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуулар боюнча шаарлар аралык таксилердин ишин уюштуруу жана кыймылын тартипке келтирүү АБ/АС тарабынан жүргүзүлөт, ошондой эле жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу юридикалык жана жеке жактардын диспетчердик кызматтарынын тапшырыктары боюнча же такси тапшырыктарынын маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.”;
– 207-пунктта:
биринчи абзацтагы “(жеңил автоунаа-таксилерде)” деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацтагы “(автоунаа-таксилерде)” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Жеңил таксинин жүргүнчүсү же айдоочусу автоунаа транспорт каражатында унутулган буюмдарды, документтерди же акча каражаттарын тапкан учурда, айдоочу аларды кайтарып берүү максатында, анын ичинде маалыматтык система же диспетчердик кызмат аркылуу табуу фактысы жөнүндө ташыган жүргүнчүгө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Жүргүнчү менен байланышууга мүмкүн болбогон учурда айдоочу бул тууралуу ташуучуга же маалыматтык системага же диспетчердик кызматка кабарлоого жана табылган (унутулган) буюмдарды, документтерди же акча каражаттарын сактоого өткөрүп берүүгө милдеттүү.”;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 30-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн – юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн же ишкердик ишке патенттин көчүрмөсүн жеке жак үчүн (жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ үчүн колдонулуучу маалыматтык система аркылуу жеке жактар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү учурларын кошпогондо, алар салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын бар/жоктугу жөнүндө маалымкат берүүсү зарыл);”;
– 33-главанын аталышындагы “(жеңил таксилерди кошпогондо)” деген сөздөр алып салынсын;
– 227, 228-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“227. Кыргыз Республикасынын аймагында бир календардык жыл аралыгында колдонулуучу автомобиль транспорту (шаар аралык, шаардык жана шаар четиндеги) менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия ажыратылгыс болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
228. Автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары же Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен) лицензия ажыратылгыс болуп саналат, “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир календардык жыл аралыгында колдонулат жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.”;
– 229-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) баланста же оперативдүү башкарууда, же өндүрүштүк-техникалык базаны ижаралоо укугунда төмөнкүлөр бар экендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн: линияга чыгардын алдында транспорт каражаттарын контролдук механик тарабынан рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкур; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарын тургузуу үчүн тосулган аймак; нарколог медиктин айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жай; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класс же менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автотранспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн (юридикалык жактар үчүн);”;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга – тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, үч жылдан кем эмес кесиптик стажы жана ден соолугунун абалы жөнүндө белгиленген формадагы медициналык маалымкатты (жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке жактар үчүн), кесиптик стажын ырастоо үчүн төмөнкү документтердин биринин (документтин түп нускасы көрсөтүлгөн учурда ар бир документтин көчүрмөсү документтерди кабыл алууга жооптуу адистин колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен:
– эмгек китепчеси;
– жүргүнчүлүк транспорт кызматтарын көрсөтүү боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашырууга патент.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 2291, 2292-пункттар менен толукталсын:
“2291. Шаар аралык жүрүүгө арналган жеңил автомобиль-таксилер менен (60 км ашык), ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) юридикалык жактар үчүн:
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– баланста же оперативдүү башкарууда, же өндүрүштүк-техникалык базаны ижаралоо укугунда төмөнкүлөр бар экендиги жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн: линияга чыгардын алдында транспорт каражаттарын контролдук механик тарабынан рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкур; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарын тургузуу үчүн тосулган аймак; нарколог медиктин айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жай; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класс же менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автотранспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– автомобилдик транспорт каражаттарын эксплуатациялоого, эмгекти коргоого жана ташуунун коопсуздугун камсыздоого жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдор, күбөлүктөр, сертификаттар) көчүрмөлөрү;
– өзүндө болгон автомобилдик транспорт каражаттары жөнүндө маалымат;
– адистердин дайындалышы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (эмгек келишими);
2) жеке жактар үчүн:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
– техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
– белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
– соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.
2292. Шаардык жана шаар четиндеги (60 км ашык эмес) ташууларга арналган, айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык эмес орундугу бар жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди берет:
1) юридикалык жактар үчүн:
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– колдо болгон автомобилдик транспорт каражаттары жөнүндө маалымдар;
– автомобилдик транспорт каражаттарын эксплуатациялоого, эмгекти коргоого жана ташуунун коопсуздугун камсыздоого жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер) квалификациясын ырастаган документтердин (дипломдор, күбөлүктөр, сертификаттар) көчүрмөлөрү же ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен юридикалык же жеке жак менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– адистерди дайындоо жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (эмгек келишими);
2) жеке адамдар үчүн:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөлөрү;
– жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн баланста же оперативдүү башкарууда же ижаралоо укугунда классы бар юридикалык жак (ташуучу, автопарк) менен түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсү;
– техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
– белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
– соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.”;
– 230-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“230. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеңил автомобиль-таксилерди кошпогондо) ташуу боюнча транспорттук ишти жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:”;
1-пунктчада:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– эмгек келишиминин же айкалыштыруу боюнча келишимдин негизинде иштеген жалданган айдоочуларда – ушул Жобонун 227 же 228-пункттарына ылайык колдонулуучу арналышы боюнча лицензиянын, салыктык каттоону (каттоо жөнүндө күбөлүк же патент) жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин болушун камсыздоо;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бекитилген эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо;”;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– бул Жобонун 227 же 228-пункттарына ылайык колдонулуучу арналышы боюнча лицензиянын болушу.”;
– 33-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2301, 2302-пункттар менен толукталсын:
“2301. Шаар аралык жүрүүгө арналган жеңил автомобиль-таксилер менен (60 км ашык), ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууга негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
– баланста же оперативдүү башкарууда төмөндөгүлөр менен өндүрүштүк-техникалык базанын болушу же ижара укугунда болушу: линияга чыгуунун алдында контролдоочу механик тарабынан автомобилдик транспорт каражаттарын рейс алдында техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароо жүргүзүү чуңкуру; автомобилдик транспорт каражаттарынын коопсуз кирүү жана чыгуусу менен автомобилдик транспорт каражаттарын токтотуу үчүн тосулган аянт; медик-нарколог тарабынан айдоочуларды күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн жайлар; жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаждарды өткөрүү үчүн класс;
– жол кыймылынын коопсуздугун жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча айдоочуларга киришүү, айлык жана кварталдык инструктаждарды өткөрүү;
– айдоочулардын абалын күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү жана жолдомо баракчасына белги коюу менен автомобилдерди рейс алдында техникалык кароону жүргүзүү;
– айдоочулар үчүн белгиленген эмгек жана эс алуу режиминин айдоочулар тарабынан сакталышын контролдоо жана камсыз кылуу;
– транспорттук ишти камсыз кылуучу ички өндүрүш документтерин жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуусун, жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча киришүү, айлык, кварталдык инструктаждардын өткөрүлүшүн эсепке алуу, жол-транспорт кырсыктарын, автомобилдик транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүүнү, техникалык тейлөөлөрдү жана учурдагы оңдоолорду жүргүзүүнү эсепке алуу; нускамалар: жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу боюнча, инженердик-техникалык жумушчулар үчүн кызматтык нускамалар);
– Бажы бирлигинин 018/2011 “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык автомобилдик транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
– эмгек келишиминин же айкалыштырып иштөө боюнча келишимдин негизинде иштеген жалданма айдоочуларда ушул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык колдонуудагы лицензиянын, салыктык каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтердин (каттоо күбөлүгү же патент) болуусун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүн жана/же салык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын бар/жоктугу жөнүндө маалымкаттын болуусун камсыз кылуу;
– автомобилдик транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылуу;
– техникалык бузулган, зарыл болгон оң абалдагы өрткө каршы шаймандары, медициналык аптечкалары, авариялык токтотуу белгилери менен камсыздалбаган автомобилдик транспорт каражаттарын рейске чыгарууга жол бербөө;
– автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн багытталган лицензияны башка юридикалык же жеке жакка берүүгө тыюу салуу;
– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо;
2) жеке жактар үчүн:
– ташуучунун шарттары жана талаптары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаждан өтүү;
– рейске чыгуудан мурун жол жүрүү баракчасына белги коюу менен күн сайын рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн жана рейс алдында автомобилди техникалык кароодон өтүү;
– айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоосу;
– транспорт тартибинин талаптарын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоо;
– транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочулардын жыл сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү;
– Бажы бирлигинин 018/2011 “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык автомобилдик транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
– төмөнкүлөр сыяктуу айрым өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулуктун жоктугу: адам өлтүрүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, ыплас аракеттер, адам уурдоо, адамдарды сатуу, балдарды сатуу, терроризм актысы, террористтик ишти каржылоо, террористтик ишке көмөктөшүү, барымтага алуу, адамды кылмыш ишине катышууга мажбурлоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;
– бул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык багыты боюнча колдонуудагы лицензиянын болушу.
2302. Шаардык жана шаар четиндеги (60 км ашык эмес) жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордун кошпогондо төрттөн ашык эмес орундуу жеңил автомобилдер-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча транспорттук ишти жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
– айдоочулар үчүн белгиленген эмгек жана эс алуу режиминин айдоочулар тарабынан сакталышын контролдоо жана камсыз кылуу;
– баланста же оперативдүү башкарууда, же ижара укугунда жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана айдоочулардын эмгегин коргоону камсыз кылуу боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класстын болушу;
– транспорттук ишти камсыз кылуучу ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуусун, жол кыймылынын коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча киришүү, айлык, кварталдык инструктаждардын өткөрүлүшүн эсепке алуу, жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу);
– Бажы бирлигинин 018/2011 “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык автомобилдик транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
– эмгек келишиминин же айкалыштырып иштөө боюнча келишимдин негизинде иштеген жалданма айдоочуларда ушул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык колдонуудагы лицензиянын, салыктык каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтердин (каттоо күбөлүгү же патент) болуусун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүн жана/же салык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын бар/жоктугу жөнүндө маалымкаттын болуусун камсыз кылуу;
– автомобилдик транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылуу;
– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
2) жеке жактар үчүн:
– айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоосу;
– транспорт тартибинин талаптарын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоо;
– транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочулардын жыл сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү;
– Бажы бирлигинин 018/2011 “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык автомобилдик транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
– бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин жана Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
– төмөнкүлөр сыяктуу айрым өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулуктун жоктугу: адам өлтүрүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер, ыплас аракеттер, адам уурдоо, адамдарды сатуу, балдарды сатуу, терроризм актысы, террористтик ишти каржылоо, террористтик ишке көмөктөшүү, барымтага алуу, адамды кылмыш ишине катышууга мажбурлоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;
– бул Жобонун 227 же 228-пунктуна ылайык багыты боюнча колдонуудагы лицензиянын болушу.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 21-тиркемеси
Мекеменин бурч мөөрүнүн орду
ЖЕҢИЛ ТАКСИНИН ЖОЛ БАРАКЧАСЫ № ________ ______-жылдын “___” _________________
Мекеме: _____________ Жеңил таксинин маркасы _________________
____________________ Мамлекеттик номери _____________________
Айдоочунун аты-жөнү | Күбөлүктүн номери |
|
|
|
|
____________________
(аталышы, дареги жана телефон номери)
Жеңил такси техникалык жактан _________________,
жөнөп чыгууга ____________________
Механик _____________________ ___________
(аты-жөнү) (колу)
Жеңил таксини оң абалда кабыл алдым
Айдоочу _____________________ ___________
(аты-жөнү) (колу)
Врач наркологдун белгилери
| Врачтын аты-жөнү | Убактысы | Колу |
Жөнөгөндө |
|
|
|
Кайтканда |
|
|
|
Арткы бети
Багыты | Жөнөө убактысы, саат, мүн. | Колу | Кайтуу убактысы, саат, мүн. | Жүрүүсү, км | Колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
”.