Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-августу № 525
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
Жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана аны камсыз кылуу боюнча чараларды өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 “Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибинде:
– 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
“– транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипке ылайык жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 538 “Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“жол кыймылынын коопсуздугунун аудити – долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында жол кыймылынын катышуучулары үчүн тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлө турган долбоордук чечимдерди жана жол инфраструктурасынын элементтерин көз карандысыз, системалуу жана техникалык текшерүү.”;
– 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүү, долбоордук жана жумушчу документацияны макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү”;
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Заказчы жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүүнү жана ДжЖД экспертизалоону камсыз кылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүү, ДжЖД макулдашуу жана экспертизалоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 181 -пункт менен толукталсын:
“181 . Жол-транспорт кырсыктарынын тобокелдигин төмөндөтүү максатында заказчы ДжЖД экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө укуктуу.
Автомобиль жолдорунун коопсуздугунун аудитин жүргүзүү тартиби, анын ичинде катышуучулардын милдеттерин белгилөө, аудит жүргүзүлүүгө тийиш болгон автомобиль жолдорунун долбоорлорун тандоо критерийлерин аныктоо, ошондой эле жол-жоболорду, отчеттуулукка карата талаптарды жана кийинки аракеттерди регламенттөө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.”.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |