Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна)
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
программасы
1-глава. Калктуу конуштарды башкы пландар менен камсыз кылууну талдоо
Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 33 шаардан, анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаардан жана 231 айыл аймагынан турат. Калктуу конуштардын жалпы саны 1883 бирдикти түзөт.
Бишкек шаары бир миллиондон ашуун адам жашаган ири шаар болуп саналат, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоордук чегинде түздөн-түз жайгашкан калктуу конуштардын тургундары да бар.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына мурда Аламүдүн жана Сокулук райондорунун курамына кирген 23 айыл кирди.
Бишкек шаарынын курамына төмөнкү айыл аймактары кирди:
– Аламүдүн, Маевка, Пригородный, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар, Анар-Бак конушу жана Кара-Жыгач айыл аймагынын № 544, № 545, № 552 контурлары, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары;
– Сокулук районунун Орок жана Новопавловка, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру.
Макулдашуунун негизинде Бишкек шаарынын курамына төмөнкү айыл аймактарынын аянттары кирди:
– Кожомкул – 215,66 га;
– Новопавловка – 7219,06 га;
– Октябрь– 142,25 га;
– Төмөнкү Ала-Арча – 549,75 га;
– Ала-Арча – 337,28 га;
– Таш-Дөбө – 357,81 га;
– Көк-Жар – 1921,63 га;
– Лебединовка – 2907,88 га;
– Кара-Жыгач – 88,34 га;
– Ленин – 675,07 га;
– Аламүдүн – 500,19 га;
– Ат-Башы – 560,73 га;
– Пригородный – 4736,34 га;
– Ак-Дөбө– 43,05 га;
– Маевка – 2617, 57 га;
– Орок – 2512, 57 га;
– Байтик – 134,41 га.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагынын иш жүзүндөгү аянты 15634,63 га. Административдик-аймактык реформага ылайык Бишкек шаарынын аймагынын жалпы аянты 41081,33 га түзөт.
Схемалык карта Бишкек шаарына кошулуучу айыл аймактары жана тиешелүү райондук мамлекеттик администрациялар менен макулдашылган. Чек аралардын сүрөттөлүшү жана схемалык карта Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 129 токтому менен бекитилген.
Республиканын түштүк борбору – Ош шаары шаардын долбоордук чек арасында беш жүз миңден ашуун адам жашаган ири шаар болуп саналат.
Ош шаарынын курамына 22 айыл кошулган, анын эсебинен шаардын аянты 2 эсеге, калкынын саны 91,2 миң адамга көбөйгөн.
Административдик-аймактык бирдик деңгээлинде Ош шаарына Кара-Суу районунун айыл аймактары кошулду:
– Төлөйкөн – Дыйкан-Кыштак, Кыргызстан, Өзгүр, Төлөйкөн, Учар, Бодур-Таш, Жапалак айылдары;
– Кызыл-Кыштак – Кызыл-Кыштак, Анжиян, Керме-Тоо, Жаңы-Турмуш, Ишкаван, Коммунист, Кызыл-Байрак айылдары;
– Папан – Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4 жана Жаңы-Турмуш айылдары;
– Нариман – Жаңы-Маала, Жим, Жийделик айылдары;
– Шарк – Имам-Ата участкасы.
Калкынын саны боюнча Жалал-Абад шаары чоң шаарлардын категориясына кирет. Каракол, Токмок, Өзгөн, Балыкчы, Нарын, Кара-Балта, Таш-Көмүр, Базар-Коргон, Баткен, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Талас, Раззаков, Токтогул жана Сүлүктү шаарлары орто шаарлардын категориясына кирет, 12 шаар чакан шаарларга кирет.
Калктуу конуштардын башкы планы калктуу конуштардын келечектүү өнүгүүсүн аныктоочу негизги стратегиялык документтердин бири болуп саналат. Башкы пландардын жоктугу долбоорлоо иштерин жүргүзүү, курулуш, системалуу пландоо, ошондой эле жер-жерлерде чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон техникалык маалыматтарды алууга мүмкүндүк бербейт.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кирет.
Тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетиштүү финансылык каражаттардын жоктугунан калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу аткарылбай жатат.
Башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн жердин М1:5000 жана М1:2000 масштабындагы планы түрүндөгү топографиялык изилдөөлөр зарыл, алар Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат тарабынан белгиленген тарифтер боюнча акы төлөнүүчү негизде аткарылат. Жогоруда көрсөтүлгөн масштабдарда аймактын топографиялык сүрөттөрүнүн жоктугу, ошондой эле жердин – айылдардын жана шаарлардын геологиялык изилдөөлөрүнүн материалдарынан алынган тандалма маалыматтар башкы пландарды өз убагында иштеп чыгууга тоскоолдук кылуучу факторлор болуп саналат. 30–40 жыл мурда түзүлгөн топографиялык пландар эскирген жана калктуу конуштардын аймагынын реалдуу абалын чагылдырбайт.
Шаар куруу документтери катары бекитилген башкы пландар комплексте калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо, курууда жана өнүктүрүүдө практика жүзүндө колдонулууга тийиш.
20 шаар республиканын шаарларынын, облустарынын жана райондорунун административдик борборлорунун функцияларын аткарат; 11 шаар өнөр жай шаарлары болуп саналат жана эмгекти, маданий-тиричилик тейлөөнү, транспортту, айыл аралык тейлөөнү колдонуучу жерлердин функцияларын аткарат.
Азыркы учурда 147 калктуу конуштун, анын ичинде 6 шаардын башкы пландары иштелип жатат: Кара-Балта, Кемин, Өзгөн, Каракол, Балыкчы, Базар-Коргон.
Жалпысынан Кыргыз Республикасында 2026-жылдан тартып 2030-жылга чейин 1333 калктуу конуштун башкы планын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл, анын ичинде:
33 шаардын ичинен 14 шаардын башкы планын иштеп чыгуу зарыл.
1850 айылдын ичинен 1319 айылдын башкы планын иштеп чыгуу зарыл.
Акыркы он жылда жыл сайын 100 миң жашоочуга же калктын жалпы санынан 1,7 %га көбөйүшү менен Кыргыз Республикасынын калкынын санынын тез өсүшү Кыргыз Республикасында оң демографиялык динамика жөнүндө күбөлөндүрөт.
1991-жылдан кийин республикада саясий, экономикалык жана коомдук түзүлүштө түп-тамырынан бери өзгөрүү болду: Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынды, жеке менчик институту киргизилди, мамлекеттик жана муниципалдык объекттер менчиктештирилди, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү борборлоштурулган директивалык жетектөө системасы жоюлду, кыргызстандыктардын жашоосунун социалдык шарттарынын жыйындысы өзгөрдү.
Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы акыркы 30 жылда шаар курууга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Олуттуу проблема болуп шаарлардын шаар түзүүчү базасы, баарынан мурда өнөр жай, илим, илимий тейлөө саналат. Ишканалардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү шаарларды өнүктүрүүнүн экономикалык базалары менен байланыштуу. Өндүрүштүк-экономикалык жана социалдык проблемалар Кыргыз Республикасында дотациялык шаарлардын пайда болушуна алып келди. Республиканын 33 шаарынын ичинен Сүлүктү, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кайыңды, Кемин, Шопоков, Балыкчы шаарлары дотациялык шаарларга кирет, аларда ишканалардын өндүрүштүк иши токтотулган. Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кажы-Сай жана башка шаарларда заводдордун өндүрүштүк ишинен ачык калдык сактоочу жайлар калган. Айрым калктуу конуштар шаарды пландоонун заманбап документтери, деталдуу долбоорлоо, укуктук зоналоо, кыймылсыз мүлктү жайгаштыруу жана баалоо пландары, шаар жерлерин чектөө, шаар куруу жана шаар куруу маалыматтарынын электрондук банктары менен камсыздалган эмес.
2-глава. Программанын максаттары жана милдеттери
Программанын максаттары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын туруктуу өнүктүрүү үчүн рыноктук экономикалык мамилелерге ылайык келген башкы пландарды иштеп чыгуу жана камсыз кылуу болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
– калктуу конуштарды шаар куруу документтери – башкы пландар, деталдуу пландоо долбоорлору менен камсыз кылуу;
– шаарларда, калктуу конуштарда зарыл болгон инженердик-транспорттук инфраструктураны жана жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу;
– аймактардын турак жай, социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик чөйрөсүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу, зарыл болгон ченемдерге жетишүү;
– чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
– башкы пландарда долбоордук сунуштарды жана зарыл болгон шаар куруу чектөөлөрүн кароо менен табигый жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону камсыз кылуу.
Программаны ишке ашыруу мөөнөтү: 2026–2030-жылдар.
Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуунун тематикалык пландары Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жыл сайын бекитилет.
3-глава. Программаны ишке ашыруу
Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын ырааттуу иштеп чыгуу аркылуу пландалууда.
Программанын максаттарына жетүү үчүн өбөлгөлөр:
– республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга максаттуу багытталган финансылык каражаттарды жыл сайын пландоо жана бөлүү;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосу боюнча маанилүүлүгүн эске алуу менен, көрсөтүлгөн максаттар үчүн финансылык каражаттардын бөлүнүшүнө жараша Программаны этап-этабы менен ишке ашыруу;
– республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун жана курулуш долбоорун иштеп чыгуунун техникалык, финансылык маселелерин өз убагында чечүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тыгыз кызматташуу.
4-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруунун оң натыйжасы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу аркылуу шаар куруу документтери менен камсыздалып, төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө алып келет:
– аймактарды өнүктүрүүнү шаар куруу документтери аркылуу укуктук камсыз кылуу;
– инженердик-техникалык камсыз кылуу системаларын жана инфраструктураны өркүндөтүү;
– мамлекеттик жөнгө салуу жана шаар куруу ишин башкаруу системасын оптималдаштыруу;
– шаар куруу ишинде жагымдуу чөйрөнү түзүү;
– коррупциялык схемаларды жоюу.
Программаны ишке ашыруу калктын – Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосунун жана тиричилигинин жагымдуу чөйрөсүн камсыз кылат.
5-глава. Программаны ресурстук камсыз кылуу жана
ишке ашыруу механизми
Республикалык бюджеттин каражаттары Программаны ишке ашырууну каржылоо булактары болуп саналат.
Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмегин ишке ашыруунун натыйжаларын талдоо аркылуу жүргүзүлүүчү мониторинг Программаны аткаруунун ажырагыс элементи болуп саналат.