Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майындагы № 14-2
Терек-Сай айыл Өкмөтүнөн максаттуу трансферт катары берилген акча каражатынын бөлүнүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин 3-4 пунктуна ылайык жана Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү ХХVIII сессиясынын 2023-жылдын 31-мартындагы №361 токтомуна ылайык Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен максаттуу трансферт түрүндө берилүүчү 4000,0 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта жумшалсын:
-Сапар чыгымы 150.0 миң сом 22111 статьясына бөлүнсүн
-Унаа чыгымы 215,0 миң сом 2214 статьясына бөлүнсүн
-Ар түрлүү чыгымы 2005,0 миң сом 2215 статьясына бөлүнсүн
-Жабдуу алууга 400,0 миң сом 2222 статьясына бөлүнсүн
-Көмүр алууга 500,0 миң сом 2224 статьясына бөлүнсүн
-Утурум ремонтго 630,0 миң сом 2221 статьясына бөлүнсүн
-ӨКМ 100 миң сом
Жалпысы: 4000,0 сом.
2. Трансферттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн убактылуу ФЭБ башчысы А.Курманалиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |