Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майындагы № 14-1
Сумсар айыл Өкмөтүн дотациядан чыгаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин 3-4 пунктуна ылайык айыл Өкмөттү дотациядан чыгаруу боюнча сунушту угуп жана талкуулап Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин 3-4 пунктун жетекчиликке алып, иш алып барылсын.
2. Терек-Сай айыл Өкмөтүнөн 4000,0 мин сом акча каражаты максаттуу трасферт катары суралсын.
3. Жогорудагы маселе боюнча иш алып баруу жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн убактылуу ФЭБ башчысы А.Курманалиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5 Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет
Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |