Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры № 66/13-6
Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №19/7-5 “Токмок шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-июлундагы кириш №01‑07/149 катынын, “Чуй-Токмок Транс” ЖЧКсынын 2025-жылдын 9‑июлундагы кириш №01‑08/39, “ПАТП Токмок” ААКынын, “Олимп” ЖЧКсынын, “Бокомач” ЖЧКсынын 2025-жылдын 10-июлундагы кириш №01‑11/16 кайрылууларынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 18-августундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, жүргүнчүлөр транспортунун уюмдарынын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №19/7‑5 токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-пунктчаларында “15 сом” деген сөздөр “20 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 1-пунктчасында “90 сом” деген сөздөр “110 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 2-пунктчасында “80 сом” деген сөздөр “100 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 3-пунктчасында “65 сом” деген сөздөр “90 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 19-пунктчасында “400 сом” деген сөздөр “500 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 20-пунктчасында “300 сом” деген сөздөр “400 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
“
21 | №350 «Токмок – Бишкек» (жөнөкөй) | 90 сом |
”
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине (Эргешов А.К.) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |