Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июлу № 445
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 10-августундагы № 444 “Ишкердик субъекттеринин
ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин
талдоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Ашыкча административдик жөнгө салууну четтетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 “Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында:
– 4-пунктта:
5-пунктчада “29 жана 47-беренелеринин” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10-пунктчалар менен толукталсын:
“9) административдик жоопкерчиликти күчөтүүгө жана (же) киргизүүгө багытталган;
10) азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө.”;
– 6-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
– 7-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) ЖТТ – бул ишкердик иштин субъекттери, мамлекеттик бийлик органдары/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар үчүн көйгөйлөрдү талдоо, жөнгө салуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоо, алар менен байланышкан кесепеттерди баалоо жол-жоболорун, сунушталган жөнгө салуунун негиздемесин камтыган ушул Методика менен регламенттелген процесс;”;
3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 14, 17, 18, 38-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Ачык консультациялардын жыйынтыктары боюнча ЖТТ иштеп чыккан орган жөнгө салууну өзгөртүү боюнча ишти улантуу жөнүндө же андан аркы ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.”;
– 20-пункттун экинчи абзацында “иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнү” деген сөздөр алып салынсын;
– 22-пункттун 4-пунктчасынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
– 28-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Методиканын 1, 2, 4-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Методиканын 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 56 (3712) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| “Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына 3-тиркеме |
Форма Аналитикалык кат ______________________________________________________ (иштеп чыккан органдын аталышы) | |
|
БЕКИТЕМ ______________________________ (кызмат орду) ________________________________ (колу) 20___-жылдын “___” _______________
|
Жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТТ) ______________________________________________________ (ЧУА долбоорунун аталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: _______________________________________________________________ (документтин аталышы) 20___-жылдын “___” _____________ № ____________________________
ЖТТ жүргүзүү мөөнөттөрү: _______________________________________ (башталышы) (аякташы) Жумушчу топтун жетекчиси: _______________________________________________________________(аты- жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жумушчу топтун мүчөлөрү: _______________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: _______________________________________________________________ (аты-жөнү, тел., e-mail, кызмат орду, колу)
1-глава. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Көйгөйдүн сыпаттамасы Тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен чечүүнү талап кылган ар бир көйгөйдүн так жана негиздүү сыпаттамасын иштеп чыгуу жана берүү. Мамилелердин ушул чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салуу жана алар үчүн көйгөйлөрдүн мааниси жөнүндө кызыкдар болгон жактардын пикирлерин кыскача талдоонун натыйжаларын көрсөтүү.
2. Көйгөйдүн масштабы Көйгөйлөрдүн масштабы жөнүндө, зарылдыгына жараша ар кандай өлчөмдөрдө (экономикалык, социалдык, аймактык жана башка) маалымат берүү.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, көйгөйдү чечүүнүн актуалдуулугу Колдонуудагы жөнгө салууну сактап калууда болжолдонгон кесепеттерди баяндоо. Азыркы учурда көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгын негиздеген негизги аргументтерди келтирүү, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугу. Мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздерди келтирүү.
4. Эл аралык тажрыйба Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо.
2-глава. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты Мамлекеттик жөнгө салуунун максатынын конкреттүү туюндурмасын берүү. Максатка жетүү прогрессин баалоо үчүн колдонула турган максаттуу мааниси бар сандык жана сапаттык индикаторлорду көрсөтүү.
6. Сунушталган жөнгө салуу Көйгөйдү чечүүнүн жана максатка жетүүнүн көрүлгөн чараларынын (механизминин) маңызын жана жөнгө салуунун негизги ченемдерин сыпаттоо.
7. Жөнгө салуунун мүмкүн болуучу социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо 1) Датага карата күтүлүүчү натыйжалуулук (жөнгө салуунун максатына жетүү деңгээли). 2) Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасир: – экономикага тийгизген таасири: оң жана терс; – социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: оң жана терс; – экологияга тийгизген таасири: оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуу колдонулган учурда күтүлүүчү оң жана терс кесепеттерди баалоону баяндоо жана негиздөө. 3) Жөнгө салуунун адресаттарынын-кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: – мамлекеттик органдарга (мамлекеттик органдар боюнча бөлүү менен): оң жана терс; – ишкерлерге (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс; – калкка (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуунун таасирине туш болгон кызыкдар тараптарды тизмелеңиз. Кызыкдар болгон тараптардын ишкердик субъекттеринин жана бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунушталган жөнгө салууга карата оң жана терс мамилесин (пикирин) чагылдырган маалыматты ар бир конкреттүү учур үчүн зарыл болгон деталдаштыруу менен берүү.
8. Чыгымдарды жана пайданы баалоо 1) Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар ________________________________________________ (сом); пайда ____________________________________________________(сом). 2) Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар ________________________________________________ (сом); пайда ____________________________________________________ (сом). Күтүлүүчү экономикалык кесепеттердин негизги тыянагын баяндоо.
9. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо Жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жөнгө салуунун максатына жетүү үчүн негизги тобокелдиктерди сыпаттоо: 1-тобокелдиктин аталышы: – тобокелдикти баалоо; – сунушталган жеңилдетүү чаралары; 2-тобокелдиктин аталышы: – тобокелдикти баалоо; – сунушталган жеңилдетүү чаралары. 10. Атаандаштыкка таасирди баалоо Бул вариант үчүн сунушталган жөнгө салуунун атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги тыянактарын баяндоо.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негиздемеси Сунушталган жөнгө салууну колдоого негизги аргументтерди келтирүү.
12. Тиркеме Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: – сунушталган жөнгө салуу үчүн күтүлүүчү экономикалык кесепеттерди толук баалоо (зарыл болгон учурда); – жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирди талдоонун тыянактарын жана сунуштамаларын сүрөттөө үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар, башка маалыматтар (жумушчу топтун кароосу боюнча); – жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (болсо); – ЖТТ боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; – ЖТТны жүргүзүүгө катышуу үчүн бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн алардын катышуусун ырастаган кат. Бардык аналитикалык каттын сунушталган көлөмү тиркемелерди эске албаганда, негизги тексттин 15 барагынан ашпайт.”. | |