Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-сентябры № 541
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жободо:
– 48-пунктта “44, 45-пункттарында” деген сөздөр “45–47-пункттарында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 51-пункттун 2-пунктчасында “пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү –” деген сөздөр алып салынсын;
– 54-пункттун 2-пунктчасында “маалымкат” деген сөз “күбөлүк” деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Ушул Тизмеге ылайык документтердин бардык берилген көчүрмөлөрү пенсия дайындоочу органдар тарабынан милдеттүү тартипте алардын түп нускалары менен салыштырылат.”;
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суралуучу пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон санариптик документтер эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, акысыз негизде берилет.”;
– 8-пунктта:
1-пунктчада “нотариалдык күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7) багууда болгон балдар кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин ырастаган документтер берилет.
Багууда болгон балдар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуган учурда алардын окугандыгы фактысын ырастаган документтер мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берилет.”;
– 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |