Сравнение редакций…
Токмок шаарынын жарандарына даректүү материалдык жана социалдык
жардам берүү жөнүндөгү Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Ушул Жободо колдонулган түшүнүк жана терминдер
3. Даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары
4. Көзөмөл
I. Жалпы жоболор
1. Токмок шаарынын аз камсыз жана жеңилдиктерге ээ болгон жарандарына даректүү материалдык жана социалдык жардам берүү жөнүндөгү Жобосу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө"мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо даректүү социалдык жардам берүүнүн тартибин, муктаждыктын критерийлерин аныктайт, аны алуу үчүн документтерди кабыл алуунун, тариздөөнүн жана эсепке алуунун тартибин жөнгө салат, жардамдын өлчөмүн белгилейт.
3. Аз камсыз, абдан муктаж болгон жана жөлөкпул алууга укугу бар Токмок шаарынын каттоодо турган жарандарга компенсациялык төлөмдөр Чүй райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы (мындан ары - ЧРАЭСКжМ) аркылуу жайылтылат.
4. Даректүү социалдык жана материалдык жардам накталай же накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлөт.
II. Жободо колдонулган түшүнүктөр менен терминдер
5. Бул жободо төмөндөгүдөй терминдер менен түшүнүктөр колдонулат:
а) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлө мүчөсүнө эсептелген бир айлык кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
б) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлө мүчөсүнө эсептегенде бир айлык кирешеси өтө жакырчылыктын чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
в) эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыкканга чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары окуусун аяктаганга чейин, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери, күндүзгү бөлүмдө окуган орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери - жыйырма үч жашка чыкканга чейин), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, медициналык социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан майып деп табылган жарандар (мындан ары - ДМЧ); пенсия курагына жеткен;
г) муктаждыкты аныктоо – даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон үй-бүлө кирешесинин бардык булактарын изилдөө;
д) жалпы киреше - үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан отчеттук мезгил ичинде ар кандай ишмердиктен түшкөн кирешелер, мүлктүк кирешелер жана учурдагы трансферттер (пенсиялар, стипендиялар, эмгек акы жана башка компенсациялык төлөмдөр, энергетикалык ресурстар үчүн компенсациялардан тышкары) түрүндө алынган каражаттардын суммасы;
е) жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - чогуу жашап, никеге туруудан, тууганчылыктан же асырап алуудан келип чыгуучу мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан, жалпы үй чарбасын жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар адамдар;
ж) аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө анкета, анын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөнү социалдык колдоо чарасы иштелип чыгат;
и) комиссия - материалдык жана социалдык жардамдарды дайындоо маселелери боюнча жарандардын каттарын жана арыздарын кароо үчүн Токмок шаарынын мэриясында түзүлгөн орган.
6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Токмок шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары – комиссиянын төрагасы;
- ЧРАЭСКжМ жетекчиси - комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Токмок шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- ЖДПБ жетекчисинин орун басары;
- Коомдук уюмдун өкүлү;
-Комиссиянын катчысы (Токмок шаарынын мэриясынын социалдык чөйрөнү жана мамлекеттик тилди өүктүрүү адиси) добуш берүү укугу жок.
III. Даректүү финансылык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн
тартиби жана шарттары
7. Даректүү социалдык жана материалдык жардамга болгон муктаждыкты аныктоо үчүн турак жай-тиричилик шарттарын текшерүүнүн актысынын жана арыз берүүчүнүн статусун аныктоочу документтердин негизинде жардам көрсөтүлөт.
8. Даректүү социалдык жардам алууга кайрылган адам төмөнкү документтерди берет:
- өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- жашаган жеринен (каттоодон) жана үй-бүлө курамынан маалымкат;
- үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жөнүндө маалымат;
- окуган жеринен, иш менен камсыз кылуу органынан маалымкат (пенсионерлер, 3 жашка чейинки балдары бар энелерден, ДМЧАлардан тышкары).
Бул Жобо башка зарыл документтерди берүүнү талап кылган аз камсыз болгон жарандарга даректүү социалдык жардамдын түрлөрүн карайт. Зарыл болгон учурда кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, нике күбөлүктөрү, никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр, пенсиялык күбөлүктөр, майыптыгы бар экендиги жөнүндө МСЭК маалымкаттарынын көчүрмөлөрү, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) чечими, жөлөкпул алууга укук берүүчү күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү) берилет.
9.Даректүү социалдык жардам алууга укук берген пенсиялардын жана пособиелердин чектик өлчөмү ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин пенсияларды жана пособиелерди көбөйтүү жөнүндө жарлыктарына ылайык акчалай түрдө белгиленет.
10. Тиш протездөө үчүн үч жылда бир жолу 2000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөнөт:
-6900 сомго чейин пенсиясы бар 1 жана 2-топтогу жалпы оорулардан жабыркаган аз камсыз болгон жумушсуздар;
- 6900 сомго чейин пенсия менен жалгыз жашаган аз камсыз болгон пенсионерлер;
- аз камсыз болгон жана аз камсыз болгон, багуусунда майып жарандары бар көп балалуу үй-бүлөлөр, бир мүчөгө эсептелген жалпы киреше жашоо минимумунан ашпаган үй-бүлөлөр.
11. Көз айнек сатып алуу үчүн 1000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация үч жылда бир жолу төмөндөгүлөргө берилет:
- бардык топтогу майыптар, көрүүсү начар адамдар;
- 6900 сомго чейин пенсиясы бар бардык үч топтогу жалпы оорудан жабыркаган, иштебеген аз камсыз болгон майыптар.
12. Угуу аппаратты сатып алуу үчүн 2000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация үч жылда бир жолу берилет:
- 6900 сомго чейин пенсиясы бар үч топтогу жалпы оорусу бар, угуусу начар, аз камсыз болгон жумушсуз майыптар, сатып алынган угуу аппараттын квитанциясын алып келип тапшыруу менен.
13. Күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилинде жылуулукка 40% арзандатуу текшерүү актылары жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын жана кошуналардын жазуу жүзүндөгү ырастоосу боюнча берилет:
- 6900 сомго чейин пенсиясы бар жалгыз бой, аз камсыз болгон, иштебеген пенсионерлер;
- 10 000 сомго чейин пенсиясы бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн багуусунда майыптыгы бар пенсионерлер;
- Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде үй-бүлө мүчөсүнө эсептегенде жалпы кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган, 2 жана андан ашык жашы жете элек балдары бар, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучу аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр.
14. Токмок шаарында шаардык унаада жүрүү үчүн айына 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
-6900 сомго чейин пенсиясы бар, аз камсыз болгон, жалпы оору боюнча 1,2-топтогу майыптар, жумушсуздар;
-1,2-топтогу угуу жана көрүүсү боюнча майыптарга 8000 сомго чейинки пенсия менен;
-окуу мезгилинде Токмок шаарынын билим берүү уюмдарында окуган 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (жетим балдар);
-гемодиализ алуучулар, кургак учук жана онкология менен ооругандар, пенсиянын өлчөмүнө карабастан 1,2-топтогу майыптар;
-Ооганстанда курман болгон жоокерлердин энелери;
-үйүндө жалгыз жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тейлеген, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иштеген ЧРАЭСКжМнын социалдык кызматкерлери.
15. Байланыш кызматтары үчүн 50% төмөндөгүлөргө берилет:
-1-топтогу майыптар.
16. Бир жолку материалдык жардам:
- ВИЧ-инфекциясы бар энелерден төрөлгөн балдарга 2-ст. 24 (ВИЧ менен жашаган балдарды социалдык жактан коргоо) Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 10 "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык
17. Эгиздердин жана үч эмдер төрөлгөн учурда 5000-10000 сомго чейинки өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам:
-Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жеринен маалымкат, турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттары актысы жана башка зарыл маалымкаттарды берүү менен эгиздердин жана үч эмдердин төрөлгөн күнүнөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жардам сурап кайрылган учурда.
18. Катуу отунга 5000 сом өлчөмүндөгү компенсация (расмий каттоодон өткөн электр жылытуу казандары жок жана жаратылыш газын жылытуу үчүн колдонбогон үй-бүлөлөргө) коңшулардын жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын текшерүү актысы жана жазуу жүзүндөгү ырастоосу боюнча, төмөндөгүлөргө бөлүнөт:
- пенсиясы 6900 сомдон ашпаган жалгыз жашаган жана алардын багуусунда эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү бар аз камсыз болгон, иштебеген пенсионерлер;
- жалпы пенсиясы 10 000 (он миң) сомдон ашпаган балдары же жакын туугандары жок чогуу жашаган пенсионерлер;
- Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган жашы жете элек балдары бар аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- Ооганстанда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү.
19. Дары-дармек сатып алуу үчүн 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам жылына бир жолу төмөнкүлөргө берилет:
- 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- ВИЧ-СПИД менен ооругандар.
20. 200 үй-бүлөгө квартал сайын 1000 (бир миң) сомдон социалдык стипендия берилет:
-6900 сомго чейин пенсиясы бар жалгыз бой, жумушсуз, жакын туугандары жок аз камсыз болгон пенсионерлер;
-өзгөчө муктаж болгон 1-2-топтогу майыптардын үй-бүлөлөрү;
-турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн текшерүү актыларынын негизинде жумушсуздуктун, табигый кырсыктардын, оорулардын жана башкалардын кесепетинен оор турмуштук кырдаалда турган жарандар;
-ЧРАЭСКжМ башкармалыгынын каттоосунда турган аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөр, ошондой эле «Үй-бүлөгө жардам» жөлөкпулун алуучулар;
-Афганистан Республикасында курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү;
-2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын, Баткен окуясынын катышуучулары, ЧРАЭСКжМда катталган;
-ВИЧ инфекциясы.
21. Токмок шаарынын жарандарына жылына 5 000 (беш миң) сомдон 15 000 (он беш миң) сомго чейин бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт:
- медициналык корутундуларды, дары-дармектерге рецепттерди, ошондой эле сатып алынган дары-дармек каражаттарына квитанцияларды берүү менен хирургиялык, дарылоо же реабилитациялоо үчүн;
- жумушсуздуктун, табигый кырсыктардын, оорулардын жана башкалардын кесепетинен оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга турак жай-коммуналдык чарбанын текшерүүлөрүнүн протоколдорунун, кошуналардын ТЖМЭШнин жана кварталдык комитеттердин төрагалары тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкаттардын негизинде;
- жарандарга турак жай-коммуналдык чарбаны текшерүү актысы, ТЖМЭШ жана кварталдык комитеттердин төрагалары тарабынан күбөлөндүрүлгөн кошуналардын маалымкаттарынын негизинде оңдоого жана эң зарыл товарларды сатып алууга;
- жалпы карыздын 20%дан 50%га чейинки өлчөмдө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, газ менен камсыздоо, электр энергиясы, жылуулук энергиясы үчүн карыздарды төлөөгө (квитанцияларды, ТЖМЭШтин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашаган жеринен маалым катты, кварталдык комитетти, турак жай-коммуналдык чарба актыларын көрсөтүү зарыл).
Арыз ээси каза болгон учурда, анын тирүү кезинде кабыл алынган материалдык жардамды берүү жөнүндө оң чечимди арыз ээси менен каза болгон күнгө чейин чогуу жашаган жакын туугандары ала алышат (бир айдын ичинде, паспорттун көчүрмөсүн, туугандык күбөлүгүн, алуучунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү, комиссиянын төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашаган жеринен маалымкатты көрсөтүү менен).
Комиссия мэрдин наамына келип түшкөн арыздарды карайт.
Комиссиянын жыйналыштары айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
IV. Көзөмөл
22. Токмок шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык социалдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт.
23. Комиссиянын мүчөлөрү, тиешелүү кызматтардын жетекчилери жалган маалыматтарды бергендиги жана акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн белгиленген тартипте жеке жоопкерчиликке тартылышат.
Жооптуу катчынын у.м.а. |
| Ж.Т. Чечейбаев |

(Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 126/20-6 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүүсү:
Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 126/20-6 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, ушул Жобонун 21-пунктуна текстке дал келбейт