Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 27-октябры №15/3
Өзгөн шаардык каржы бөлүмүн ачууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 19-октябрындагы №1087 катына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2022-жылдын 19-октябрындагы биргелешкен отурумунун №2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөн шаардык каржы бөлүмүн ачууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн штаттык бирдигин жана тийиштүү иш-кагаздарын мыйзамдарга ылайык даярдоо Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |