Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 8-декабры № 16/1
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу
менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтер жана кошумча аткарылуучу иштер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2. «Өзгөн Таза суу» муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин:
- Өзгөн шаарында суу пайдалануучулар менен келишимдердин толук жана реалдуу түзүлүшүн, кирешелердин толук түшүшүн камсыз кылуу жана абоненттердин санын көбөйтүү боюнча иш алып баруу.
- ЕБРР менен биргеликте Өзгөн шаарында канализация жана таза суу долбоорунун алкагында казылган жолдорду калыбына келтирүү жана бекитилген график боюнча иштерди өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө.
- Түзүлгөн келишимдердин негизинде дебитордук төлөмдөрдү өндүрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, 2023-жылдын 10-февралына чейин анын аткарылышын камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |