Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 8-декабры № 16/2
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикте турган
жер участокторуна менчик же ижарага берүү боюнча түзүлгөн
комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын.
2. Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына коомдук уюмдардан же коммерциялык эмес уюмдардан жана депутаттардан киргизүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Монолдоровго сунушталсын.
3. Комиссиянын кароосуна түшкөн арыздарды мыйзамга ылайык өз мөөнөтүндө кароо комиссиянын төрагасы М.Маматкасимовго тапшырылсын.
4. Ижарачылар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ижара акыларын толук жана өз мөөнөтүндө түшүүсүн камсыз кылуу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору А.Талиповго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |