Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын отуруму
2022-жылдын 8-декабры № 16/3
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин
жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 27-октябрындагы XV сессиясынын №15/4 токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекеме-уюмдардын жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтер жана кошумча аткарылуучу иштер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2.2023-жылдын жергиликтүү бюджетин түзүүдө шаардык билим берүү бөлүмүнө тийиштүү орчундуу маселелерди жана көйгөйлөрдү эсепке алуу менен каржы булактарын бөлүштүрүүдө тең салмактуулукту сактоону эске алуу Өзгөн шаарынын мэри Д.Ч.Моңолдоровго сунушталсын.
3.Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Джусуповго:
-Мектеп окуучуларына жана бала бакчада тарбиялануучу балдарга сапаттуу билим жана тарбия берүү боюнча жетиштүү деңгээлде иш жүргүзүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТке толук катышуусун камсыз кылуу, босого баллдан өтүү көрсөткүчүн көтөрүү.
-Мектептерди жетишпеген педагогикалык кадрлар менен толук камсыз кылуу жана бул багытта иш жүргүзүү.
-Билим берүү мекемелеринде зордук-зомбулуктун, мектептеги рэкэттин алдын алуу боюнча жетиштүү деңгээлде иш алып баруу жана аны көзөмөлгө алуу.
-Билим берүү тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү жана реформаларды жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу.
-Мектептерге жана бала бакчаларына жетиштүү шарттарды түзүү.
-Билим берүү тармагындагы өткөрүлүп жаткан тендерлерди, аткарылган иштердин жана сатып алынган продукциялардын сапатын ар дайым текшерип туруу милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |