Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/1
«Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын
жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчилдиктер эске алынсын.
2. «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү, аткарылуучу жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри Д. Моңолдоровго тапшырылсын.
3. 2023-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесин тактоодо жыл ичинде биринчи кезекте социалдык обьекттерди куруу, оңдоо иштерине көнүл буруу, титулдук тизмеде көрсөтүлгөн жумуштарды өзгөртүүсүз так аткаруу жана шаардык кеңештин макулдугу менен иш алып баруу «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын директору Ю.Тиллабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |