Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/2
Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын
эсептөө үчүн зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 9-декабрындагы №01-34/1288 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 14-декабрындагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында 2023-жылга карата айыл чарба багытында болбогон жерлердин нарктык зоналарынын чектери, калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |
Тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022- жылдын 28-декабрындагы кезектеги XVII сессиясынын № 17/2 токтому менен бекитилди. |
Өзгөн шаарында 2023-жылга карата айыл чарба багытында болбогон
жерлердин нарктык зоналарынын чектери, калктуу конуштун жерлери жана
айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент
№ 1 Зона үчүн К3 -1,2
Аталган зонага шаардын борбору толугу менен кирет.
1. Манас көчөсү - А. Темур көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
2. Гагарин көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин,
3. Кошиев көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
4. Маданият көчөсү - Жуков көчөсүнөн баштап А. Мамажанов көчөсүнүн кесилишине чейин,
5. Ленин көчөсү - «Тулпар» АКнан баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
6. Мирзарахимов көчөсү.
№ 2 Зона үчүн К3 – 1,0
Аталган зонага шаардын калган аймагы кошулат.