Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/3
Өзгөн шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 9-декабрындагы №01-34/1288 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 14-декабрындагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Өзгөн шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |