Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/4
Өзгөн шаарында таза суу тарифине өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарында таза суу тарифин бюджеттик мекемелерге 1 м3 таза суу үчүн 37,06 сом жана коммерциялык ишканаларга 1 м3 таза суу үчүн 95 сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, 2023-жылдын 1-январынан ишке киргизүү Өзгөн-Таза-суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |