Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/ 5
Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу
тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифин жан башына айына 30 сом, мамлекеттик, муниципалдык мекемелер, банктар, аптекалардын ар бир кызматкерине айына 94 сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, бекитилген тарифтерди 2023-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү, 2023-жылдын 1-июлуна карата абоненттердин санын 30,0 миң кишиге, 2023-жылдын аягына чейин 40,0 миң кишиге жеткирүү боюнча иш алып баруу Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге милдеттендирилсин.
3. Тариф көтөрүлгөндөн кийин биринчи кезекте жумушчулардын эмгек акысын мыйзам чегинде жогорулатуу жагы Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |