Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму
2022-жылдын 28-декабры № 17/6
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндө Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №13 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Абдулкасимов Илхамжан Маматкасимович, Жолдошалиев Абдырахман Тобокалович, Анашов Жолдошбай Калыкович, Ураимджанова Таджиханга «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |