Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-сентябры № 2025-П-14/45-2-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын «Башкы китеп» банктык маалымат системасындагы, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтсүн.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялообашкармалыгын, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгын, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Тургунбаев |
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 10-сентябрындагы
№ 2025-П-14/45-2-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
- 321 «Финансылык ички активдер» тобу төмөнкү мазмундагы чакан топ, статья, кичи статьялар жана элементтер менен толукталсын:
«
3219 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби |
32191 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү каражаттары |
321911 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү |
32191110 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү |
321912 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу |
32191210 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу |
»;
Б тиркемесинин (маалымат катары):
- «Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы» деп аталган IV бөлүмү «32181210 Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна акча каражаттарды которуу» деген абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- 3219 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби
Бул статья Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которууну камтыйт.
- 32191 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү каражаттары
- 321911 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен бюджетке түшүүчү каражаттар кирет. Каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого ылайык бюджетке багытталат.
- 32191110 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү
- 321912 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине бюджеттен которулуучу каражаттар кирет. Каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого ылайык которулат.
- 32191210 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу.».