ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму
2023-жылдын 21-февралы № 18/4
Өзгөн шаарында таза суу тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №17/4 токтомуна ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында таза суу тарифин бюджеттик мекемелерге 1 м3 таза суу үчүн 37,06 сом жана коммерциялык ишканаларга 1 м3 таза суу үчүн 95 сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу жана мыйзамга ылайык ишке киргизүү Өзгөн-Таза-суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |