Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 22-марты № 19/2

Өзгөн шаарында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын

жобосун жана комиссия курамын бекитүү

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу №35 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 9-мартындагы отурумунун № 4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарында Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Өзгөн шаарынын Укук бузуулар боюнча комиссиясы 9 адамдан түзүлүп, курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

4. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 20-декабрындагы Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү №15/6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Хасанов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

(VII чакырылышынын) 2023-жылдын

22-мартындагы кезексиз

XIX сессиясынын

№19/2 токтомунун

2 тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын

Укук бузуулар боюнча комиссиясынын курамы

 

1. Маматкасимов Мирзохид Мамадсадыкович – Өзгөн шаар мэринин 1-орун басары,

2. Парханов Абдушукур Курбанбаевич – Өзгөн шаар мэринин орунбасары,

3. Дубанаев Бекназар – Өзгөн шаардык мэриясынын юристи,

4. Мусажанов Улугбек - Өзгөн шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси,

5. Карабаев Абдурахим – Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин адиси,

6. Көчкөнбаев Бекзат - Өзгөн шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси,

7. Бакасов Искендер – “Өзгөн-Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкери,

8. Болотов Талгат – “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын юристи,

9. Мамадалиев Улугбек – жергиликтүү жамааттын өкүлү.