Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 22-марты № 19/3

Өзгөн шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө жобосун бекитүү

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-мартындагы отурумунун № 2 жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-мартындагы отурумунун № 5 протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 3-мартындагы №01-9/200 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Өзгөн шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Резервдик фондду мыйзамдуу каржылоо Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Хасанов