Загрузка документа…
| Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2023-жылдын 22-мартындагы кезексиз XIX сессиясынын №19/3 токтомунун тиркемеси |
Өзгөн шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө
Жобосу
I глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Өзгөн шаарынын мэриясынын резервдик фондун (мындан ары - резервдик фонд) түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык түзүлөт.
3. Резервдик фонддун каражаттары тиешелүү финансылык жылга Өзгөн шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоого багытталган.
II Глава. Резервдик фондду түзүүнүн тартиби
1. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгашаларынын курамында түзүлөт.
2. Резервдик фонддун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык кезектеги финансылык жылга Өзгөн шаарынын бюджетин бекитүүдө Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан белгиленет жана бекитилет.
III глава. Резервдик фондду чыгымдоо багыттары
1. Резервдик фонддун каражаттары ушул Регламентте каралган максаттарга ылайык жумшалат.
2. Резервдик фонддун каражаттары шаардын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө каралбай калган чарбалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга, күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) расмий даталарга арналган майрамдарда расмий иш-чараларды өткөрүү;
б) расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана жалпы шаардык маанидеги башка иш-чараларды өткөрүү;
в) шаардын аймагында жайгашкан социалдык-маданий жана административдик объекттердин жана инфраструктуранын материалдык-техникалык базасын оңдоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү;
г) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;
д) эмгектеги жакшы жетишкендиктери үчүн жана Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана аймактык мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин материалдык сыйлоо жана сыйлоо;
е) шаарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан маселелерди тез арада чечүү;
ж) спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илим жана маданият ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүү;
з) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп калганда же каза болгондо материалдык жардам көрсөтүү;
и) табигый кырсыктардан, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркаган социалдык, турак жай, коммуналдык объектилерди калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин каржылоо (атайын техниканы, тиричилик техникасын, дары-дармектерди, тамак-ашты, күйүүчү майларды алуу);
к) Өзгөн шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү башка иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоо;
л) Өзгөн шаардык мэриясынын кызматкерлеринин жана Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын тажрыйба алмашуусун уюштурууга жана шарт түзүүгө;
3. Резервдик фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн эмес:
а) шайлоо, референдум өткөрүүгө;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;
в) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сыйакы берүүгө;
г) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
д) коммерциялык максаттар же пайда алып келүүчү иш-аракеттер;
е) өкмөттүк эмес уюмдардын ишин камсыз кылуу жана колдоо;
IV глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун тартиби
1. Резервдик фонддон акча каражаты шаардын мэринин буйругунун негизинде бөлүнөт.
2. Резервдик фондду сарптоо демилгеси мэрге, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарына, Өзгөн шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин профсоюздук комитеттерине таандык.
3. Резервдик фонддон акча каражатын бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси шаардын мэрине сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралып жаткан акча каражаттарын бөлүү зарылдыгын жана алардын өлчөмүн негиздеген өтүнүч кат жөнөтөт.
4. Шаардын мэри ушул Жобонун негизинде сунушталган чыгашалардын максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
V глава. Резервдик фонддун каражаттарынын чыгымдалышын көзөмөлдөө
1. Акча каражаттарын башкаруучу жана алуучулар Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине ылайык резервдик фонддун каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Өзгөн шаарынын мэри 6 айдан кем эмес убакытта Өзгөн шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына резервдик фонддун чыгымдалышы боюнча маалымат берип турушат.