Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 22-марты № 19/4

Өзгөн шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты

сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” № 305 Жарлыгынын 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик аенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 буйругуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-мартындагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Өзгөн шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыгын сактоо үчүн Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөн Жашылдандыруу чарбасына 10921,3 миң сом каралганы эске алынсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Хасанов