Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму

 

2023-жылдын 22-марты № 19/6

Өзгөн шаарынын Үч-Дөбө, Борбор жана Жаныбек-казы муниципалдык аймактык

башкарууларынын аймагындагы айрым жерлердин багыттарын өзгөртүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 2 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 16-мартындагы №01-9/243 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын Үч-Дөбө МАБна караштуу Кара-Кулжа жана Согдиана көчөлөрүнүн кесилишиндеги бош жер тилкесинин багытын турак жай курууга, Борбор МАБна караштуу автоунаа токтоочу жай, септик жана ички көчө үчүн каралган жер тилкесинин багытын административдик имараттар категориясына жана Жаныбек казы МАБна караштуу автоунаа токтоочу жай үчүн каралган жер тилкесин спорттук комплекс категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ош КНИП проекттик институтунан башкы планды өзгөртүү суралсын.

 

3. Аталган жер тилкелери боюнча тиешелүү иш-чараларды мыйзамга ылайык жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментине милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Хасанов