Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы № 112
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы
“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа
каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын
муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен
чыгаруу тартиби жөнүндө” Жоболорду бекитүү жөнүндө
№104 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жоболорду бекитүү жөнүндө №104 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, ушул эле туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 31-январындагы №3 чечимин, ошондой эле сессияда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жоболорду бекитүү жөнүндө №104 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилип, “Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жана муниципалдык мекеме-ишканаларындагы эскилиги жеткен, жараксыз автоунааларды эсептен чыгаруу боюнча Жоболорго ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин” деген мазмунда окулсун.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |