ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-февралы № 2
“Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңеши
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып “Жибек Жолу” айылдык кенеши токтом кылат:
1. Бүлөлү жана Ленин айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен “Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш “Жибек Жолунского” айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңеши м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш “Жибек Жолунского” айылного аймака
2. ” Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. ”Жибек Жолу” айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Согонду айылы, Согонду-2 көчөсү № 1 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |